www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Капачылык болбосун, иттин уулу Байгара деле шайлоого аттанып алды. Пандемиянын шылтоосу менен сасыган 1 литр майын жана курттаган 1 кило унун таратып алып, эми добуш сурап жүрүшөт. Биздей өлкөнүн шартында депутаттык мандатка толук ээ болсоң да, колуңан куурай сайган келбейт. Кыргыз парламенти 5 эле кишинин тегерегинде кайнап, быкшып келатканына 30 жыл болду. Кнопканы бассаң жашайсың, баспасаң партия лидери шапкеңи тетири кийгизип, иттен чыгарып коёт.

Депутат болгондор элге берген убадаларын аткарып жибербейт. Мамлекеттин саясий турмушуна катыша албайт, элден сый көрбөйт жана башка. Аларга элдин калыптанып калган чимкирик, какырык, түкүрүк деген акаараты бар. Анан, талапкер ушул акааратты эң кеми 100 миң жашылбай коротуп сатып алат. Аны математикалык эсеп менен 5 жылга бөлсөң ар бир иш күнү 6000 сомго туура келет. Ыссык кофесин үстөлүнө чейин киргизип берген катчы кыз менен похчасын көтөргөн жардамчынын арзыбаган кызматынан башка “люкс жашоосу” болбойт депутаттын. Биздеги мамлекеттик система депутат эмес, өкмөткө чектелүү гана мүмкүнчүлүктү берген. Бузулган, чирип бүткөн системанын чарыктарында же, Акүйдүн карааны гана калдайган мамлекетте өлкөнү өнүктүрүүгө, адилеттүүлүктөн ак урганга мүмкүнчүлүк жок!

Илгери бирөө алтымышты таяган кемпирине “ойлоп ойлоп отурсам, сен мага кыз тийбепсиң” – дегендей, 5 жылдан кийин көпчүлүк депутаттар “ойлоп ойлоп отурсам, мандаттын деле кереги жок экен” – дешет. Өкүнүшөт. Азыр деле талапкер катары тизмедеги ордуларын билбей жүрүшөт. Азыр коом эң эле кир жана бузулган доорун жашап атат. Мындай көрүнүшкө бираз өзүбүз да күнөөлүбүз. Кара курсак үчүн добушун пулдаган эл катары улут болуудан калып баратабыз.

Манас Осмон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости