www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыр сөз менен жашоом өзгөрдү

Позитивдүү ойлонуу менен айыкпас дарттарды жеңип, жан дүйнөнү курттай жеген депрессиядан кутулууга мүмкүн экенин көрүп-билип жүрөбүз. Бирок, күнүгө ондогон түрдүү интернет баракчасына кирерде колдонгон сыр сөзүбүздүн жашообузга  тийгизген кандайдыр бир таасири бар экенин ойлонуп көрдүңүз беле?

Education First аттуу эл аралык илимий уюмда иштеген Шанхайлык Маурисио Эстрелланын компьютердин сыр сөзү аркылуу өзгөргөн жашоосу NazarNews.kg маалымат агенттиги тарабынан кыргызчаланып, өз оозунда берүүгө аракет жасалды.

Баары Эстрелланын бир канча жыл мурунку ажырашуусунан башталган...

“Муну мага кантип жасады?” деп ойлоно бердим. Дайыма. Күн сайын...

2011-жылы жубайым менен ажырашып, катуу депрессияга баттым. Бактыга жараша башым бул абалдан куткарып кете алгыдай иштечү, айланамда дагы жакшы адамдар бар эле.

Бир күнү офиске келип, компьютеримди ачсам: “Сыр сөзүңүздү алмаштыруу үчүн Сыр сөздү алмаштыр баскычын басыңыз” деп турган экен.

Ошол баскыч башка бир нерсе кылып ийчүдөй болуп тим эле... Ичимден себепсиз компьютерге наалый бердим. Мынчалык бат-баттан өзгөртүп турбаса эмне болот? Бир чоң, бир кичине, бир сан, бир белги. Анан да жок дегенде 8ге чейин болушу керек, бирок акыркы 3 сөз окшош болбошу керек. Ушул эле жетишпей жатты эле мага!

Экранды карап жалдырап, жаңы сыр сөз ойлонуп жаткам. Анан эле мурунку директорум айткан сөз эсиме түштү. “Сыр сөздү алмаштырам, жашоом өзгөрөт!”

Ошол учурдагы жашоо образым, ошол жан дүйнөм менен кандай иш болбосун жакшы алып кетишим мүмкүн эмес эле. Дайымкыдай эмне кылышым керек же болбосо эмнени өзгөртүшүм керек экенин аңдап турчумун, албетте. Бирок, негедир аларга көңүл кош мамиле кылдым. Ошогобу, директор айткан сөз эсиме түшкөндө бир жолу болсо да кылып көрүүнү чечтим. Сыр сөзүм болсо мени ажырашуунун курманы болуудан куткарып, күчтүү болушум керек экенин эстетип турмак. Сыр сөзүмдү Forgive@h3r (“аны кечир”) деп өзгөрттүм...

Бул сыр сөздү ар күнү, көп жолу колдонушум керек болду. Сыр сөздү кол менен эле эмес, мээмде дагы айтып бир ай боюнча күнүгө толтура жолу “аны кечир” деп жазчумун. Компьютердин сыр сөз сурабай, автоматтык түрдө ачылуусуна уруксаат бербей, дайым жазып ачканга аракет кылдым. Жазган сайын сөздүн маанисин аңдап жаттым. Мындай жөнөкөй кыймыл эски жубайыма болгон көз карашымды өзгөрттү. Үйбүлөбүздүн бузулганын толук кабыл алып, депрессия менен күрөшүүм жеңилдеп баштады. Кийинки күндөрү жан дүйнөмдүн айыга баштаганын сездим.

 Бир айдан кийин кайрадан сыр сөздү алмаштыр эскертүүсү келди. Бул жолу эмнени өзгөртүшүм керек экенин ойлонуп, сыр сөз жазыла турган боштукка Quit@smoking4ever (“тамекини түбөлүккө ташта”) деп жаздым.

Анан эмне болду дейсизби? Тамекини таштадым. Жеңил болгон жок, бирок сыр сөздү алмаштырган күндөн тартып бир дагы жолу чеккен жокмун. Күнүгө сыр сөздү кайталоо, максатыма жетүүмө мотивация болду.

Кийинки айдагы сыр сөзүм Save4trip@thailand(“Таиландга барганга акча чогулт”) болду. 3 айдан соң Таиландда элем. Чөнтөгүмдөгү акча да жетишерлик...

Пайдасын көргөн бул ыкманы колдонууну уланта берип, алдыга койгон көп максатыма жеттим. Акыркы эки жылда колдонгон сыр сөздөрдүн айрымдарын мисал катары жаза кетейин.

Eat2times@day (күнүгө 2 жолу же тамакты”) ←  бул ишке ашкан жок, дагы деле семизмин.

Sleep@before12(“12ге чейин укта) ← ишке ашты.

Ask@her4date(“сүйүүңдү билдир”) ← акыры сүйүүмө жолуктум!

No@drinking2months(“2 ай бою ичкиликтен алыс тур”) ← Өзүмдү мурункудан жакшы, дени сак сезе баштадым.

Get@c4t!(“бир мышык ал”) ← сонун мышыгым бар.

Facetime2mom@sunday(“Дем алыш күнү апаң менен сүйлөш”) ← ар дем алыш сайын апам менен сүйлөшөм. Жана акыркысы:

Save4@ring(“шакекке акча топто”) ←  Ооба, жакында жашоом өзгөргөнү турат...

Азыр деле ар ай сайын кийинки максатыма ылайыктап сыр сөз белгилейм. Мындай караганга кичинекей нерсе сезилиши мүмкүн, бирок ушул кичинекей нерсе 2 жылдан бери менин жашоомо абдан жакшы таасир берди. Ошого байланыштуу жакын досторум, туугандарыма бөлүшкөн бул окуяны баары менен бөлүшкүм келди.

Сен дагы колдонуп көр!

Эмне кааларыңды жаз, ага жараша мамиле кыл, жашооң өзгөрсүн.

Маурисио Эстрелла

Булак: NazarNews.kg

Последние новости