www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда милициянын полковниги Уланбек Аалиевдин иши менен байланышкан кезектеги соттук отурум болду. Соттук отурумга Асыл Талипова жактоочусу менен келди.

Процессте ишти изилдөө башталып, судья Чолпонай Үмөталиева иштин 1-томунун мазмуну менен кенен-кесири тааныштырды.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө да, ишти изилдөө учурунда да тарых жана жалпы коомчулук үчүн бир топ «кызыктуу» болгон моменттер арбын кездешти. Алардын айрымдарына кыскача токтолсок.

Ички иштер министрлигиндеги жемкор жетекчилердин спруту (уюгу) менен күрөшкөн полковник Уланбек Аалиевди жөнү жок каралап, аны түрмөгө чиритүү планын Кыргыз Республикасынын ички иштер минисрлигиндеги ГСУ (главное следственное управление) деп аталган бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Жумабаев иштеп чыккан.

Полковник Уланбек Аалиевдин ишинин 1-томуна тиркелген кагаздар Азамат Жумабаев жана анын кол алдындагы тергөөчүлөр тарабынан, орусча айтканда, «тяп-ляп» аткарылып, эптеп эле, орусча айтканда, «всеми правдами и неправдами», полковник Уланбек Аалиевди күнөөлүү кылуу максатын көздөгөн.

Айтсак, Асыл Талипова өз арызында 5-6 кишинин атын атаганына карабастан, жалгыз гана полковник Уланбек Аалиев 1 жылдан ашуун убактан бери УКМКнын СИЗОсунда отурат? Муну кандай түшүнсө болот?

Мындан сырткары, ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин жеке менчигинде болуп, анын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган тергөөчү К. Зикиралиев толтурган сурак протоколдоруна Асыл Талипованын «Протоколдордун мазмуну менен тааныштым» деген колу коюлган эмес.

ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин полковник Уланбек Аалиевге каршы жок жерден токуган кылмыштуу планын Баш Прокурор Курманкул Зулушевдин тергөөчүлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөсүн ыксыз бурмалап, керек учурда күбөлөргө көрсөтмөнү өздөрү жазып, «бөрк ал десе, баш алган» деген принцип менен аткарышкан.

Кээ бир күбөлөр «Менин көрсөтмөмдү минтип бурмалоого сенин кандай акың бар?» деп, Курманкул Зулушевдин тергөөчүлөрү менен жакалашканга чейин барган.

Азыр мен жактоочу Канат Хасановго токтолгум келип турат.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан 2021-жылдын 29-сентябрында бир эмес, ондогон жарандардын арыздары жана даттанууларынын негизинде өтө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип камакка алынган Асыл Талипованын адвокаты Набиев деген болгон. Ошол 2021-жылдын 29-сентябрына чейин Асыл Талипова адвокат Канат Хасановду билген эмес.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Канат Хасановду дал ушул Асыл Талипова үчүн адвокат кылып ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин бизнес өнөктөшү Азамат Алмабеков жалдаган.

ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин чөнтөк тергөөчүсү К. Зикиралиевге «жабырлануучу» Асыл Талипованын катышуусу жок эле берген көрсөтмөсүндө өзүн апакай-чүпөкөй моралист катары көрсөтүп, каадаланып тилин туурасынан чайнап, «Аллахым» эле «Аллахым» деп сопусунган Канат Хасанов оозу-мурду кыйшайбай туруп эле «Мен жактаган кардар Асыл Талипованын айтканы боюнча полковник Аалиев анын башына целлофан баштык кийгизип муунтуп, көп балалуу жалгыз бой аялды азаптарга салган» деп ак баракка кара сыя менен жазып, колун койгон.

Сотто Канат Хасановдун мындай көрсөтмөсүн уккан Асыл Талипова безге ийне менен сайгандай чочуп кетти жана андай нерсе болбогонун айтты.

Адвокат Канат Хасанов эмне себептен ошончо эле күйүп-бышып, өзү эзели билбеген Асыл Талипованы жактап, 2021-жылдын 1-октябрында түн ичинде Бишкек ШИИБдин алдында «одиночный» пикетке чыккан?

Көпчүлүк элдин айтканы боюнча, пандемия күчөп турган 2019-жылы Канат Хасановдун уулу өзүнүн эле карачечекей аяш атасын өлтүрүп, анын ири суммадагы акчасын карактап алган деп шектелип, укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Көрсө, Канат Хасановдун уулунун кардан аппак, суудан тунук болуп акталып чыгышына ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин ролу чоң тура. Кыясы, Азамат Жумабаев полковник Уланбек Аалиевди жөнү жок каралоодо өзүнө «карыз» Канат Хасановдун жардамына кайрылган шекилдүү.

Бирок, коомчулук деген коомчулук экен. Асыл Талиповага адвокат боло калам деп Канат Хасанов шыкшүкүр абалда калып, репутациясын укмуш булгап алган. Азыр ал өзүнүн аброюн реаблитациялоо үчүн Адилет Балтабай жана Атай Бейшенбек өңдүү активист жигиттерге ысык боткодой жабышып жүргөн кербези.

Бирөөнү ак жеринен каралап, анын убалына калуу эч качан эч кимди жыргаткан эмес. Кайтаар дүйнө (бумеранг) мыйзамы эртең баарын өз ордуна коюп коёт. Бүгүн силер полковник Уланбек Аалиевге жасаган жамандык өзүңөр гана эмес, 7 муун катары менен бала-чакаңардан, небере-чөбөрөлөрүңөрдөн көрүнөөрү – турган иш.

Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости