www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку убакта түрмөдөгү Канатбек Исаев менен туугандары байланыша албай, сарсанаага батып атышканын эшиттик. Абийирсиз соттор кылмыш дүйнөсүнүн элдешкис башчыларын чыгарып атканда, элдин уулу Канат мырзанын камактагы шартын катаалдатып, кысып атканы Кудайга жагабы?

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Исаевдин бүгүнкү күндөгү коопсуздугу коркунучта экен. Ага кылмыш дүйнөсүнөн кол салуулар пландалып жатканы ырасталабы? Кызык, камактагы каарманыбыздан эч кандай маалымат чыкпай атса, бир жагынан ОПГ мүчөлөрү тап берсе, аягы кандай болот? Албетте, бул боюнча тиешелүү органдар маалымат бериши зарыл. Саясый туткун катары бааланып аткан Чүйдүн лидерин минтип отко салып берип коюп, кантип карап турабыз?

Дал ушул жаатында так маалыматты тиешелүү органдар маалымдашы керек. А болбосо, күйөрмандарыбыз чыдап тура албайт. Оор кылмыш жасаган бандиттер бошоп, тайраңдап жүрүшкөндө, саясый негизде кармалган, бирок сынбаган Канатбек Исаевди кыйноого алышып, балээни башташтыбы? Жооп бергиле, өлтүрүп коюшса эмне кылабыз?..

Сакен Бөрүбаев

Булак: "Азия Ньюс" 

Последние новости