www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында таза суу маселесине арналган өкмөттүк саат өтүүдө. Анда өкмөт бул багыттагы эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат. ЖК депутаты Жанар Акаев Кыргыз өлкөсү суу башында туруп, таза суу, энергетикалык маселеде жасалган жумуштар начар болуп жатканын белгиледи.

"Кыргыз өлкөсү Борбор Азияда "суу лидери" деп айтылып жүргөнү менен, өзүбүздүн таза, ичүүчү суубузду да чече албай жатабыз. "Колдо бар алтындын баркы жок" - дегендей. Энергетикалык чоң лидер өлкөгө да айлана албай жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү" - дейт өз сөзүндө Жанар Акаев.

2001-2014-жылдары өлкөгө, адашпасам 90 миллион доллар келген. Ал убакта элдин да уюшумдуулугу калыптана элек болгон, биздин куруучулар да таза суу боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Ошол эле бир канча айылдарга акча берилип, трубалар кирген, суу чыкпай калган. Менин оюмча, өкмөт фонддор, демөөрчүлөр БУУнун азык-түлүк программасы менен кызматташыш керек. Айылдарда ынтымак коомдору бар. Айрым мигранттар өз айылдарына таза сууга каражат салууга даяр. Өкмөт өтө муктаж айылдарды аныктап, бардык фонддордун башын бириктирип, иш алып барса туура болмок", - деди Акаев.
Эске салсак,  Жогорку Кеӊештин 2017-жылдын 23-ноябрындагы протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча «Өкмөтүк саатка» өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости