www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Канат мырза, учурда Баткен областынын Кадамжай районун Көтөрмө айыл аймагынын Кызыл Булак айылынын жашоочулары, Россияда иштеп жүргөн мигранттар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазганын себеби эмнеден?

--Баткен областынын Кадамжай районун Көтөрмө айыл аймагынын  Кызыл Булак айылынын жашоочулары, Кызыл Булакта төрөлүп, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан “Молдо Нияз – Кызыл Булак” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү,  миграцияда убактылуу Москва шаарында иштеп жаткан  Кызыл Булак айылынын тургундарынын  президентке Кайрылуу жазганын себеби бар?

Акыркы мезгилде көптөгөн жылдар ичинде такыр эле тоңдурулуп, токтоп калган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы карым – катнаш жанданып, бир туугандык, социалдык-экономикалык жана гуманитардык аспектилердеги мамилелердин өркүндөсү чек ара аймагында жашаган  биздин айыл үчүн өзгөчө бир жакшы сезимдерди пайда кылууда.

Белгилүү болгондой, Кызыл Булак айылы Өзбек Республикасынын Шахимардан анклавына жакын жайгашып, айылыбыздын чок ортосунан жара аккан Ак Суу дарыябыздан суу ичип, коңшулаш болуп, бир кылымдан ашуун убакыттан бери жашап келе жатабыз. Албетте, турмуш-тиричиликтин айынан кошуна мамлекеттин жарандары менен айрым түшүнбөстүктөр болуп келген. 

--Баткендеги Кара Даван, Шалаң деген жайлоолоруна өзбек тарап аңдарды казып жатканы чындыкпы?

--Кашкайган чындык, акыркы жумада ата бабабыз кылымдар ичи жердеп келген Кара Даван, Шалаң деген жайлоолорубузга Шахимарданда жашаган Өзбекстандын жарандары менен аскерлери кирип, окопторду казып, бизге тийешелүү болгон жерлерге чек ара мамыларын орнотууга аракет кылуусу Кызыл Булак айылынын жалпы тургундарынын наразычылыгын күчөтүп жатат.

Атап айтсак, 2018-жылдын 1-июнунда “Кара Даван жайлоосунда кошуна мамлекеттин аскерлери жүрөт экен” – деген маалыматтын негизинде  айылыбыздын Кысык участкасында 60 жакын адам топтолуп, маселени чечүүнү өтүнүп, тизме боюнча кол койуп, айыл – өкмөтүнө тапшырылган, андан кийин элдер кеңешип 2 машинада Кара Даван жайлоосуна чыгып кетилген. Ошол жерден өзбек аскери бизге тийешелүү жайлоодо патруль болуп жүргөнүн көрүп, далил катары  видеого да тартып алынган. Бүгүнкү күндө аталган видео  интернеттеги “YouTube”  каналында төмөнкү даректе жайланыштырылган www.https://youtu.be/XKpaufm0uSo. Мындан тышкары, бул жайлоолордо көптөгөн жылдардан бери малын жайытка чыгарган  жергиликтүү тургундар катышкан видео тасма дагы төмөнкү даректе орун алган www.https://youtu.be/Y7edR5VqdVI.  Бул видеолорду өз кезегинде социалдык тармактарга (Facebook, Одноклассники, Whats App) тарап, тез эле 100 миңдеген адам көргөн, биздин айылдын тургундарынан башка мамлекетибиздин көптөгөн жарандары да көрүп, жерлерибизди кошуна мамлекеттин аскерлери кайтарып жүргөнүнө өздөрүнүн терс пикирлерин билдиришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда ушул маселе боюнча жеринде таанышуу үчүн келген тийешелүү комиссия дагы талаш толук чечилбегенин айткан. Эгерде маселе толук чечилбее, анда “бизге караштуу жерлерде Өзбекстандын аскерлери эмне үчүн жүрөт” – деген нааразычылык ой биздин элде бүгүнкү күнгө чейин турат.

--Жергиликтүү бийлик “талкан” жутуп алганбы, алар кандайдыр бир аракеттерди жасап атышабы?

Жогоруда көрсөтүлгөн видеолорду тарткан активист айылдашыбыз Кошбаев Султаналини  4-июнда Кадамжай районунун акими айыл – аймагынын башчысы, райондук МУКК өкүлдөрү менен кабыл алып, маселени чечүүнүн ордуна сотко берерин айтып, коркуткан. Андан кийин ага райондук МУКК тарабынан “Расмий эскертүү” дагы берилген. Ушундай жол менен аким баш болгон бийлик адамдарды элди коркутууга өтүшкөнбү?

--Баткенде Кара Даван, Шалаң жайлоолорунан башка чырлуу аймактар жокпу?

Бүгүнкү күндө талаш Кара Даван, Шалаң жайлоолору эмес, башка эл чыга албай калган, Кыргызстанга караган  жайлоолордо дагы бар. Мисалы,  Кичине Кыркол жайлоосу. Эң негизгиси  - бул жайлоо таза, эл иче турган суунун башаты. Ушундай темп менен аталган жер дагы кошуна Өзбекстанга өтүп кетсе, биздин айылга келүүчү “Таш арык” Өзбекстанга караштуу Шахимардан айылынан башталат. Бул арыктан айылыбыздын 60% калкы суу ичип, үлүш жерлерин сугарат.  Мурдагы жылдары чек ара жабылганда бизге келген сууну да кошуна мамлекет бир айга токтотуп койгон. Келечекте ушундай кырдаал кайра кайталанса эмне болот?

--Негизи делимитация – демаркация боюнча комиссия барда. Аларга кайрылып көрдүңүздөрбү?

--Ооба, ушул убакытка чейин делимитация – демаркация боюнча комиссия Кызыл Булакка 3 жолу келип, өз курамына бир дагы айыл тургундарын кошкон эмес. Өзбек туугандарда болсо арыкка суу бурган мурабына чейин журөт. Биздин эл ушуга да наразычылыгын билдирип жатышат. Буга кошумча жергиликтүү бийлик органдары тарабынан элге эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, талаш жерлер боюнча бийлик органдарынан эч кандай реакция жок. Эл өзүнчө, бийлик өзүнчө эле болуп, калктын мамлекетке болгон ишенимин жергиликтүү атка минерлер азайтууда.

2018-жылдын 6-июнунда айылыбыздагы “Лангар Азиз – Ак Эшан Ата” мечитинде жалпы айыл аксакалдары баш болгон 150 дөн ашуун киши катышкан ооз ачарда дагы ушул маселе көтөрүлүп, аксакалдар Кыргызстанга тийешелүү болгон Кара Даван, Шалаң жана Кичине Кыркол жайлоолору кошуна мамлекетке өтүп кетүү коркунучун эске алуу менен жогорку бийлик органдарына атайын кайрылуу жасап, маселени эч кандай чыр чатаксыз чечүүнү өтүнүп, талаптарын жеткирүүнү суранышкан.

--Демек, жергиликтүү калктын азыркы президенттен үмүтү өтө чоң экен...

--Жогорудагыларды эске алуу менен Сизден “Журт Атасы” катары, эзелтеден бери ата - бабабыз ээлик кылып, жердеп келген жайлоолорду Кызыл Булак элине гана тийешелүү экендигин тастыктап, кошуна мамлекетке бир чарчы метри дагы өтпөй тургандыгын далилдеп, түрдүү такталбаган маалыматтарды жокко чыгарып, калкыбыздын жайбаракат тиричилигин мындан ары дагы улантууга Сооронбай Жээнбеков шарт түзүп берүүсүн суранабыз.

Убакыттан пайдаланып алайын. Урматтуу, Сооронбай Шарипович, көтөрүлгөн маселени жеке өзүңүздүн көзөмөлүңүзгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, министрликтер менен ведомстволорго, жергиликтүү бийлик органдарына тийешелүү талап менен тапшырмаларды коюп, чыныгы Журт Атасы, биз адашпай шайлаган мамлекет башчысы, жерибиз үчүн күйгөн кеменгер инсан экендигиңизди жалпы кыргыз журтунун, анын ичинен Молдо Нияз чыккан Кызыл Булак элинин алдында дагы бир ирет далилдеп, көрсөтөт деген ишеничтебиз.

--Рахмат...

Биз менен маекте, Баткен облусунун тургуну “Молдо Нияз – Кызыл Булак” коомдук бирикмесинин төрагасы Канат Мурзахалилов болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости