www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошуна менен жакшы жашоо биздин миң жылдарды карыткан элдик наркыбыздын да, аруу динибиздин да талабы. Кошуна менен бир туугандай мамиле түзүүгө милдеттүүбуз. Бирок кошуна менен бир туугандын айырмасы - бир тууган сенин мүлкүңө мураскор боло алат, кошунада болсо андай укук болбойт. Бул принцип коңшу өлкөлөр менен алакалашууга да жайылууга тийиш экени өзүнөн өзу түшүнүктүү. Кудайга шүгүр, бардык коңшуларыбыз менен мамилелерибиз оңолду. Бири бири менен кырды бычак болуп кырчылдашып жашап келаткан элдерди фонунда ушунун өзү эле баа жеткис байлык, ченеми жок кут, көздүн карегиндей сактап алаар дөөлөт эмеспи. 
Ошентсе да коңшуну коңшудай күтө албай, койнуңа киргизип жиберсең үйүң да, мамлекетиң да кыйрап калаарын билбегендерибиз аз эмес. Бул маселе жарандуулук тууралуу мыйзамдар менен жөнгө салынаары белгилүү. Бизди ушуга чейин улут деген дөөлөттү түшүнө албаган киргиз чалыштар башкарып келди. Ошолордун башкалардан көчүрүп кабыл алган мыйзамдарынын негизинде кимдер гана кыргыз жарандыгын кабыл албай жатат?! Алардын жүйөөсү боюнча эл аралык, дүйнөлүк нормаларга, тагыраак айтканда, акырындап улутту жоготуучу нормаларга ылайык мыйзмадар менен жашашыбыз керек экен. Ошентсек укмуш өнүгүүгө дуушар болот имишпиз. Улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга коюп жашаган Аравия жарым аралындагы өлкөлөр өнүкпөй калдыбы? Алар чет элдиктерге жүз жыл жашаса да жарандуулук бербейт. Жарандуулукту алардын кызына үйлөнгөн күйөө балага да бербейт. Ал турсун чет элдик күйөө бала өлүп калып, кызы балдары менен жесир калса ошол жээндерине да бербейт жарандуулукту. А бизчи?!
Азыр кытай коңшуларыбыздан төрөлгөн жээндерибиздин саны жүз миңге чамалап калды деп угабыз. Бул биздеги дунгандар менен уйгурлардын санынан ашты деген сөз. Алар эч убакта Кытайдын жараны боло албайт, бирок автоматтык түрдө Кыргызстандын жараны болот. 
Коңшулар менен мамилени, албетте, жакшырта берели, бирок жарандуулук тууралуу мыйзамдарыбызды түп тамырынан өзгөртпөсөк болбой калды. Расмий атасы жок баланын төрөлүшүнө да, катталашына да толук тыюу сала албасак да, чек коюшубуз керек. Расмий атасы чет элдик болсо ал балага да жарандуулукту берүүнү кескин чектөөгө тийшпиз. Кезегинде биздин элибиздин наркына жат болгон жалгыз бой эне деген укук, көрүнүш пайда болгондо анын келечеги кандай болоорун эч кимибиз боолголото албадык. Кыздарыбыз ошондой укук менен чет элдик күйөө балдардан төрөгөн балдар кайнаса каны кошулбаган башка элге айлана баштаганда гана көзүбуз ачылып жатат. 
Иерусалим шаарында арабга үй сатылбасын деген мыйзам жок. Бирок бир да жөөт миллиард доллар берсе да арабга үй сатпайт. Андай коомдук аң-сезим биздин түшүбузгө киреби? Бирок көз көрүп, көкүрөк туюп турган көйгөйдү акыл-эстүү көпчүлүк эч ызы-чуусу жок эле чече турган убакыт келди деген ойдобуз. Жээн келгиче жетимиш бөрү келсин дейт кыргыз. Эртең чет элдиктерден туулган жээндерибиз жети эмес, жетимиш бөрүгө айланып, силердин адал-арам деген ишиңер бизге жакпайт, биз оозубузга келгендин баарын жеп, оюбузга келгендин баарын жасайбыз десе, силердин ээн-жайкын жүргөнүңөр жакпайт, силерди аскерче айдап башкарыш керек, сүйлөгөн тилиңер да жакпайт, эмнеге эки миллиард адам сүйлөгөн тилде сүйлөбөйсүңөр деп турса ким менен урушабыз? Ошол жээнди тууган, ичтен чыккан ийри жылан деп балдарын коргоп турган кыздарыбыз мененби? Күч күйөөсүн жээндери менен кошуп батырган өзүбуздүн карачечекей бир туугандарыбыз мененби? 
Чет элдиктер келбесин, келип иштебесин деген маселе жок. Келе берсин, иштей берсин. Араб Эмираттарында 1 миллионго жетпеген арабдын үстүндө 5 миллиондон ашуун чет элдик адам бар. Андан арабдар жаман болуп кеткен жок. Тетирисинче, ошончо элдин баары арабдарга иштеп жатат. Ошондой система түзүп коюшкан. Маселе ошолордукундай болбосо да өзүбуздү эл, өлкөбүздү мамлекет катары сактай турган жарандуулук тууралуу мыйзамдын зарылдыгы небак бышып жетилгени жөнүндө болуп жатат. 
Арабдын жалгыз байлыгы кара май болсо, биздин байлыкка сан жетпейт. Акылыбызды иштетсек алардан да бакыбат жашайбыз. Бир эле ууру-кескибиздин байлыгы кытайлык карызды жаба тургандай экен деген маалымат тарай баштады кечээтен бери. Биздин өлкө аркылуу өткөн бир да транзиттик жүк, бир да аткезчилик, бир да алык-салык жашыруу же мамлекеттик мүлктүү уурдоо биздин жарандарсыз ишке ашышы мүмкүн эмес. Демек, өлкөбуздүн кут-берекесинин жарымы чет өлкөлөргө агып кеткенде да, экинчи жарымы өзүбүздүн эле жемкорлордун чөнтөгүндө. Ошондуктан, чарбалык туура саясат, биринчи кезекте өз жарандарыбыздын кызыкчылыгын көздөгөн саясат болсо, анан да мамлекттүүлүгүбүздүн өзөгүн түзгөн кыргыз улутунун кендирин кеспей, тетириснче, гүлдөтө турган жарандык саясат болсо өлкөбүз саналуу жылдар ичинде эле Евразиянын Люксембургуна айланаары ажеп эмес. Биздин географиялык абалыбыз Люксембургдукунан да жакшы. Биз тогуз жолдун тоомундагы өлкөбуз. 
Кудай азыр бизге ушул көйгөйдүн баарын чече турган эл башы берген сыяктанып турат. Бирок ага оозунда сөзү барлар айтып, билими барлар даярдап, адистер бекитип, алдына алып барып коюшу керек да. 
Экономикалык жактан алганда биздин Евроазиялык экономикалык шериктештикке караганда Кытайга интеграцияланышыбыз пайдалуураак экени айдан ачык болуп турат. Бирок жарандык мыйзамдарыбыз талаптагыдай болбосо эртең эле биротоло коюндашып, бирсүгүнү Кыргыз-цынзянь автоном районуна айланып калаарыбыз ажеп эмес. Сөздүн маанисине жете албагандарга чечмелей кетели. Коюндашуу деген бирөөнү коюнуңа киргизүүдөн жийиркенбей калуу, ал турсун ошондон рахат алуу деген сөз.
Коюндашуу карыз алуудан, ал турсун төлөй албас карыз алуудан да, ал гана эмес, ошол карыздан жерибиздин бир ыптасын кыркып берип кутулуудан да эсепсиз эсе жаман экенин түшүнүүгө тийишпиз. Себеби эл болуудан, улут болуудан калабыз. Бир заманда адам баласынын түшүнө киргис сепил куруп коргонууга мажбур кылган коңшусу кантип анын кызматчысы болуп калганын көрсөткөн декорациялык оюнчукка айланып, биздин эл тууралуу опералар бардык шаарларында ойнолуп калат. Ошондуктан эсибиз барда ачылып турган этегибизди жаап алалы демекчимин. Сиз кандай деп ойлойсуз, урматтуу улутташым?

Бейшенбек Бекешов, тележурналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости