www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоокерлерди сабаган прапорщик камакка алынды

Жоокерлерди сабаган прапорщик камакка алынды

Журналист: NAZARNEWS
13.06.2018, 3:04
8771
|

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндөгү катардагы жоокерлерди сабап, кыйнаган прапорщик камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 10-июнда таңга жуук 19-20 жаштагы 24 катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаган.

Анын айынан тогуз баланын ээги жарылган. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями