www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Канат Исевдин милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.
Төмөндө Канат Исаевдин куттуктоосу өзгөрүүсүз берилди:
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар - 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз милициясы түптөлгөн 1924-жылдан бери татаал тарыхый жолду басып өттү. Мындан ары да коомдук тартипти сактоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы каармандыгын жигердүү уланта берерине ишенимибиз чоң. Анткени, ар убак калктын коопсуздугун жана өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин салымы чоң. Эгемен өлкөбүздүн мындан аркы келечеги да кыргыз милициясынын колунда экени айдан ачык.
Айрыкча демократиялык баалуулуктарды, жарандардын укугун коргоо милдеттери милиция кызматкерлерине чоӊ жоопкерчилик жүктөөдө.
Өлкөдөгү акыркы кырдаалдардан улам алдыбызда тамыры тереңдеп кеткен коррупциялык көрүнүштөрдү, кылмыштуулукту жоюу милдети турат. Анын баарында кыргыз милициясы башкы ролду ойнойт. Андыктан, бардык тапшырылган ишти жоопкерчилик менен аткарып, таза жана татыктуу иш алып барышыңыздар зарыл.
Ардактуу мекен сакчылары!
Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм. Ишиңиздерде ийгиликтер арбын болуп, мекен, эл-жер үчүн кылган кызматыңыздардын үзүрүн көрүңүздөр.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Канатбек Исаев
Булак: NazarNews.kg