www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-октябрда белгилүү болгондой Жогорку Кеңеште иштеген депутаттар, министрлер жана башка кызматкерлер маянасын ала албай жаткандыгы белгилүү болгон. Ага ылайык, бүгүн Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы айлык акыга тиешелүү маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган. Натыйжада Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын убагында берүү кечеңдеген. Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости