www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү менен кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери “Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
“Инвесторлор кандай шартта келерин биз жакшы билебиз. Анткени бардыгы баштан өткөн. Алар өлкөгө келип завод, фабриканы иштетип жатканда кандай тоскоолдуктарга туш болгонун барыбыз көрдүк. Ошондуктан инвесторлорго, өлкөбүзгө жана жергиликтүү элге да натыйжалуу болгон мыйзамдарды жазалы деп жатабыз. Бул үчүн бизде тажырыйба жетиштүү. Азыркы учурда Кыргызстанда Германия, Англия, жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн келген бир да инвесторлор жок”, – деди партия лидери.
Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.
Партия лидери шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда айыл эли “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыгын айтышып, ак батасын беришти.
Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)