www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 26-сентябрда 02:50лөр чамасында аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости