www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубат Оторбаевди “Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен эмне үчүн кеткени тууралуу түшүндүрмө берди. Бул туурасында ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялады.

Достор, 2015-жылдагы тизме боюнча депутаттык мандаттан баш тарттым. 
Мындан 5 ай мурда депутат болгон Жаныбек Жоробаев мандатын тапшырып, кезек мага келген экен. 7-чакырылышка шайлоо өткөнү турат, 6-чакырылыштагы ЖК ишин дээрлик жыйынтыктады. Ушундай шартта депутат болууну "өмүр баянымда эле жазылып калсын" дебей, мандаттан баш тарттым.

Мага ишеним көргөзгөн партия жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

Айтаарым - 7-чакырылыш үчүн бул ирет тизмеге кирген жокмун.
Баарыңыздарга ийгилик, ден соолук каалайм. 

Эске сала кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Кубат Оторбаевди өз каалоосу менен эазган арызынын негизинде “Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости