www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- “Алдыдагы парламенттик шайлоого кээ бир дин өкүлдөрү катышышы мүмкүн” деген божомолдор бар. Сиздин оюңузча, дин ишмерлеринин  депутат катары саясатка, өлкөнү башкаруу ишине аралашканы туура болобу?

-- Диндин саясатка аралашуусу салыштырмалуу түрдө бир өлкөдө көп, кээ бир өлкөлөрдө аз болуп, дайыма эле эриш-аркак жүрүп келгендиги тарыхтан белгилүү.  Диндин, же болбосо диний лидерлердин саясатка аралашуусунун алкагында көптөгөн ийгиликке жетишкен, ийгиликтүү да болуп келе жаткан өлкөлөр бар.  Мисалы, Малайзияны, Түркияны, Пакистанды, Саудияны, Иранды, Германияны алсак болот. Ошону менен бирге эле дин айрыкча саясатташып кеткенде мамлекеттик түзүм үчүн белгилүү өлчөмдө коркунуч жаралган мамлекеттер дагы жок эмес. Ал эми жаңы Кыргызстандын тарыхында диний фактор, айрыкча ислам саясатка түз болбосо дагы кыйыр түрдө дайыма эле аралашып келе жатат.  Жергиликтүү шайлоолордон тарта, Жогорку Кеңешке, алтургай президенттик шайлоолорго дагы ислам дининин ресурсун, айрыкча жергиликтүү, республикалык деңгээлдеги авторитеттүү имамдар менен аалымдардын потенциалы колдонулуп жаткандыгын баарыбыз эле билебиз. Дайыма эле шайлоолордо эч жашырылбай эле “светтик өлкөбүз” деп эле диний фактор саясый максатта иштетилип жатат.  Быйылкы жергиликтүү кеңештер менен Жогорку Кеңешке боло турган шайлоолорго кааласак дагы, каалабасак дагы диний ресурс, албетте, аралашат.  Себеби, саясый конъюнктурадан караганда дагы айрым диний лидерлердин тарапташтары “мен” деген саясатчынын электоратынан ондогон эсе көп. Муну биз моюнга алуубуз шарт. 

Бирок, маселени башка өңүттөн караганда, өлкөнүн тандаган демократиялык, светтик түзүмүнө динди ашкере саясатташтыруу канчалык пайда же зыян алып келе турганын деталдуу түрдө караш керек. Кайсы гана дин болбосун, ал өз функциясын, мамлекет өз функциясын аткаруу зарыл. Диндар же динди практикалаган адамдар коомубуздун башка тармактарында иш жүргүзгөндөй саясый айдыңында дагы өзүн көрсөтүш керек. Бул алардын конституциялык укугу. 

-- Элдин добушуна ээ болуш үчүн талапкер өзүн динчил катары көрсөткөн учурлар да жок эмес. Кандай дейсиз?

-- Өзүн айрыкча диндар көрсөтүп, анын негизинде саясый упай топтоо туура эмес. Бүгүнкү күндө коомубузда ушул тенденция айрыкча трендге айланып кетти.  Адам баласы кандай иш кылбасын, акыреттеги сурагы жалгыз өзүнөн гана болот. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости