www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин мечитке келип, мусулмандардан кечирим сурады деген имиштер, сөздөр видео менен кошо көбөйгөн.

Тараган видеодо өлкө башчы мечитке келип, мусулмандар менен учурашып, пикир алышып жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул видео 2016-жылы жай айларында чыккандыгы белгилүү.

Буга чейин Кытайдагы мусулмандарга жасалган басым, кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу кабар дүйнө коомчулугуна кеңири тарап кеткен. Жогорудагы маалыматтардан кийин дүйнө эли, БУУ ж.б таасирдүү уюмдар Кытайдын бул кадамдарына терс пикирин билдирип, мусулмандарды кордобоого чакырык ташташкан эле. Ошол кескин сындардан кийин Си Цзиньпин мусулмандар менен учурашкандыгы маалым. Тараган видео ошол учурдагы видеолордун бири болуп саналат.

Демек интернетте тараган “Кытайдын президенти мусулмандардан өлкөдө коронавирустун токтошун кудайдан тилегиле” деп сурангандыгы  жалган экендигин айтууга болот.

Айрым чет өлкөлүк маалымат булактары бул видеону Кытайдын компартиясынын өкүлдөрү жаңы видео катары чыгарып, мамлекет башчысынын аброюн калыбына келтирүүгө аракет кылып  жатышкандыгын айтып чыгышты.

Эске сала кетсек, коронавирустан азыркы учурда 636 киши каза болуп, 31 361 киши аталган ооруну жуктургандыгы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости