www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөдө жүргөн бир туурандардын,  бири Кубат Асановдун сөөгү Бишкектин түштүгүндөгү Орто-Сай айылындагы флагштоктун жанынан табылды. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады.

Алардын билдиргенине караганда,  маркумдун жансыз денеси 6-февраль күнү саат 18.50дө Орто-Сай айылындагы флагштоктун жанынан табылган.

Эске салсак, январь айынан бери 51 жаштагы Канат Асанов менен анын иниси 47 жаштагы Кубат Асанов издөөдө жүргөн. Туугандарынын айтымына караганда, алгач Канат Асанов жоголгон. Ал 2020-жылдын 9-январында саат 18.00дөр чамасында Ынтымак жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал эми иниси Кубат Асанов ушул эле жылдын 15-январында Заречное айылынан бир тууганын издөөгө кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткан.

Ушул тапта Канат Асановду өздөө иштери уланууда. Анын өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачын ак баскан. Көз айнек тагынат. Үстүнө көк түстөгү капюшону бар куртка, кара шым жана кара бут кийимчен. В Бишкеке ведутся поиски двух братьев — Каната и Кубата АсановыхЭгерде сүрөттөгү адамды көрүп-билгендер болсо,  0 (755) 07-47-20, 0 (551) 12-42-19 жана 0 (706) 98-99-84 номерлерине кабарлап койсо болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости