www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурболот Үсөнбаев КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду

Нурболот Үсөнбаев Төлө Исаковдун ордуна министрдин орун басары болуп дайындалды. Ал мурда КР Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун директорунун орун басары болгон.

Ошондой эле, ал коронавирус менен күрөшүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабынын башчысы болгон. Учурда ал 57 жашта.

Белгилей кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Төлө Исаков  өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости