www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан учуп келген Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловду дарыгер туулган күнү менен куттуктаган видео-тасмасы жарыяланды.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун бүгүн, 9-апрель туулган күнү.

Ал эми видео-тасмадан Курманкуловду Ички иштер министрлигинин госпиталынын дарыгери ИИМдин жана кесиптештеринин атынан куттуктап, ага грамота тапшырганын көрүүгө болот. 

Ошондой эле  Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов  коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң. Ал буга чейин кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарып келген.

Мыкты жетекчи Самат Курманкулов 1977-жылы Фрунзе шаарында (Бишкек) төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2000-жылы КР ИИМдин академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

1995-жылдан тарта ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган;

2012 — Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси;

2015 — Бишкек ШИИБдин ыкчам иштер боюнча жетекчисинин орун басары;

2016-жылы 31-майдан тарта Бишкек ШИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу.

Эске сала кетсек, 6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан чартердик рейс менен 17 кыргызстандык учуп келген. Бул рейс менен Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов кайтып келгени белгилүү болгон. Ал Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясында башынан оор жаракат алган. Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, ошол жакта дарыланып жүргөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости