www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качан күйөөгө тийесиң?! Кара далы болдуң го! Жашы 18ден өткөн ар бир кызга айтылуучу сөз. Бойго жеткен кыргыз кыздарынын алдында бир гана көйгөй бар. Кантип ак тулпар минген ханзаадага турмушка чыгуу. Бул аң-сезимибизге балалык чактан эле киргизилген түшүнүк. Андан арылуу мүмкүн эмес.

Илгери ала качып же эки жактын ата-энелери макулдашып эки жашты үйлөндүрүп койсо, азыр мындай нерсе чанда кездешет. Мындан улам да башы бош жүргөн кыздар көбөйүп кеттиби? Айтор, айланамдагы кыздарды байкап отуруп, алардагы кандай сапаттар турмушка чыгууга тоскоол болууда эсептеп көрдүм.

1. Аппапак периштелер

Жашы 30га жакындап калса да жигит менен мамиле куруп көргөн эмес. Себеби өзүн жалгыз бирөө үчүн сактап жүрөт. Албетте жакшы деңизчи. Бирок аларга жигит табуу өтө кыйын. Себеби балдар менен сүйлөшкөндү кой таанышышпайт. Кокустан ал жигит колун кармап ийсе, бирок жыйынтыгында баягы өзү күтүп жүргөн “түбөлүктүү” жары болбой калсачы. Мына ушундай коркунуч “аппапак периштелердин” жүрөгүндө сакталуу. Айланасын темир тосмо менен тороп алган, эч ким ага тийбеши керек. Мындан улам баягы идеалдуу жигит алдынан чыгып калса да, темир тосмону жара албай, айланып гана кете берет.

2. Жомоктогу ханбийкелер

Күн чайыттай ачык. Китептерин көтөрүп алып сейилдеп жүрөт. Күтүүсүздөн алдынан жигит чыгып, сүзүп кетти. Жерге түшкөн китептерди чогултуп отуруп, колдору бири-бирине тийишип, көздөрү чагыла түштү. Мына сага бир көрүп сүйүп калуу. Албетте, мындай романтикалуу таанышуу бир гана кагаз бетинде же мелодрамаларда. Бирок реалдуулукка ишене бербеген, ак тулпар үстүндөгү ханзааданы күтүп жүргөндөр да бар. Алар кыялдануу менен гана жашайт. Сүйүктүүсү ага кат жазып, сезимдерин билдирсе. Күндө таң эрте кучагы гүлгө толуп күтүп турса. Терезесинин алдында жандуу ырдап, биргеликте асмандагы жылдыздарды санап романтикалуу кечелерди өткөрүшсө. Чындык башкада. Ханзаадалар, Ромеолор байыркы заманда, рыцарлар 18-кылымда калганын “Жомоктогу ханбийкелер” ойго да албайт.

3. “Сыщик” кыз

Бою 180 см, салмагы 90 кг, ак жумал, чачы кара, саат тагынат жана ар дайым бут кийими таза болуусу шарт. Жок дегенде эки жогорку билимдин ээси, унаасы, үйү бар жана башка. Жигиттерге болгон 20 талап блокнотко жазылып, ага жооп бергендерди издеген кыз. Жашоосу алдын ала пландалган жана аны өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Алар жигит менен таанышаар замат, блокнотун алып чыгат да сынай баштайт. Белгиленген 20 талаптын 19на гана жооп берсе, демек ал мырза жарабайт. Айта кетчү нерсе, бай, акылдуу, спортсмен, сулуу, белгилүү- бул беш башка адам.

4.  Фифочка

Ар эс алуу күн сайын базарга барып, акыркы модадагы көйнөктөрдү алат. Чачын заманбап талаптарга жараша боейт. Ою боюнча эми бир укмуш кыз. Кайда барбасын жигиттерге көз салып, таанышууну көздөйт. Ал үчүн ким жолугушууга чакырат маанисиз, эң башкысы каалоочулардын саны көп болуусу керек. Бирок “фифочка кыз” менен жакындан тааныша келсең, ал жөн гана кооз кагазга оролгон боштук. Акыл кампасы тар, маанисиз сөздөрдү сүйлөй берген бирөө. Мындайча айтканда бир жолугушууга жарай турган кыз. А мындай “персоналар” жигиттерди кызыктыра бербейт. 

5. Асмандагы жылдыз

Узун бойлуу, тал чыбыктай ийилген, чачы белине чейин жеткен, көздөрүнөн нур чачыраган бир укмуш чырайлуу кыз. Татынакай гана эмес акылдуу дагы. Китеп окуганды сүйөт, мектепти жана жогорку-окуу жайды мыкты аяктаган. Кылыктана билген, кызыктуу маекчи. Эми сүрөттөсөң бир укмуштуудай  идеалдуу кыз. Анан эмнеге башы бош деп таң каласың. Кептин баары өтө идеалдуулугунда. Ага баары суктанат, бирге болууну каалайт. Мындай кыздар өз баасын билет жана эч кимди теңине албай жүрөт берет. Себеби анын ою боюнча ага окшогон кыздар өтө аз жана жүрөгүн багындыруу үчүн күнү-түнү аракет кылуу керек. А бирок көздүн кареги менен айлана бергенден тажаган эркектер акыры качып кутулат. Ал эми сулуу кыз асмандагы жылдыздай кол жеткис бойдон кала берет.

Булак: "5news.kg"

Последние новости