www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-июнда Курманжан Датка энебиздин эстелигине кимдир бирөө кара санатайлык менен кол салганын көрүп, абдан зээним кейиди. Анткени Датка энебиздин эстелигинин сол көзүн чукуп койгон. Эстеликтин бийиктиги 5 метрге жетет. Эстелик граниттен тургузулган. Учурунда Казакстандан араң таап келгенбиз.

Датканын эстелиги 2004-жылы Фондтун демилгеси аркылуу, кыргызстандыктардын каражаты менен тургузулуп Бишкек шаарынын Мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген эле. 13 жылдын ичинде, эстеликке ар бир Мэр өзгөчө мамиле жасап, жыл сайын эстеликти жууп, эң сонун гүлдөрдү олтургузуп тегеректерине, шаардыктардын жана коноктордун сүйктүү жерине айланган болчу.

КР Маданият министрлиги эстеликке аяр мамиле жасап, дайыма түрдүү маданиятка тийешелүү маарекелерди өткөрүп келген. Кыргыз эли дайыма тарыхий инсандарын сыйлап келген, аздектеп, алардын элесин кылымдан кылымга сактап келген улуу эл.

Ким Датканын эстелигине кол салды?!

Урматтуу ИИМ министри, тез аранын ичинде эстеликке кол салган адамды табышыңызды талап кылабыз. Курманжан Датка кыргыз элинин энеси экенин дүйнө жүзү билет. Ошондуктан, бул үйүр учурган окуяны кыргыздын энесине кол салгандай кабыл алдык. Эгерде, Урматтуу министр, сиздин тарыхий баалуулуктарга кол салган адамдарды табууга күчүңүз жетпесе, Коопсуздук комитетин жардамга чакырып болсо да, акылга сыйбаган, кыргыз элинин улуу балуулугуна кол салган адамды таап, жазалооңуздар сиздердин парзыңар экенин коомчулуктун алдында ачык айтууга туура келди.

Себеби эстелик элдин акчасына салынган. Мэр, бул маселени кылдат карап, эстеликти калыбына келтирип, жарык чырактарын, видео камераларын коюп, маселени чечет деп ишенип туралы...

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости