www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дом-2” программасынын мурунку катышуучусу, азыркы учурда журналист жана блогер Алена Водонаеванын үч күн мурун Инстаграм баракчасына чыгарган постуна Путин жооп берди.

Анын посту президенттин үй-бүлөнүн биринчи баласынан баштап эле эне капиталы төлөнөт деген сөзүнө карата жазган.

“Так. 1 млндон ашуун үч балага. Эми  президенттин башкы демография көйгөйүн чече турган жаш үй-бүлөлөр канча ала баштайт. Ушул төрөлө элек балдарга канча нерсе ойлоп табышты: мектепте 4 класска чейин тамак беришет, 7 жашка чейин 5 миңден 11 миңге чейин кошумча акча төлөнөт...

Демографиянын көйгөйү энелик капиталда эмес, ал эми россиялыктардын жашоосунун деңгээлинде...

5 миң же 11 миң жана мектептердеги бекер тамак сактап кала албайт. Өзүн жана балдарын багуу үчүн эл насыя алат жана аны муундан муунга чейин төлөйт.

Бизде бала бакча, мектеп, медицина жана специалисттерде көйгөй бар. Кайдагы бала төрөлүү урматтуу достор?

Ал эми мектептеги тамакты ыйсыз карай албайсың...”,-деп Водонаева жазып чыккан.

Федералдык ТВ бул постту кармап калып, аны коомдук талкууга түшүрүүнү чечишкен. Эки күндөн бери “согуш тынчый элек”.

Водонаеваны Биринчи каналдын “Время покажет” жана “Россия-1” каналынын “60 минут” ток-шоусуна да чакырышкан.

Натыйжада журналист алып баруучу Ольга Скабеевага карата жаңы пост жазган.

“Жиндиче күн. Менин эне капиталы тууралуу оюм популярдуу болуп чыкты. Ошон үчүн менин эне капиталы тууралуу постумду колдоп, мага кошулгандарды борбордук каналдарда кээ бир алып баруучулар жана эксперттер саат бою бири-бирин ишендирип жатышты...

Биринчи каналда эфир жакшы өттү. Мен муну кечинде “Россия-1” каналындагы “60 минут” программасынан кийин түшүндүм. Мен буга чейин такыр саясий программаларда катышкан эмесмин...”

Водонаева Ольга Скабеева эфир бүткүчө анын Инстаграмдагы жарым жылаңач сурөттөрүн сөз кылганын кошумчалап, ал сүрөттөр темага кандай тиешеси бар экенин жазган.

Журналистти эл алдында музыкалык продюсер Иосиф пригожин айыптады, Мамлекеттик думанын депутаты Виталий Милонов кемсинтти. Ал эми Путин бүгүн өз оюн билдирди.

Укмуш, мен мындайды элестете алган эмесмин. Көрсө, азыр мамлекет балдары бар үйңбүлөлөргө мындай көлөмдө жардам бербеш керек деген өзүнүн оюн айткан пикирлер пайда болуптур. Бул таң калаарлык. Бирок бар. Булар кандай адамдар экенин көрсөтүш керек. Кандайдыр бир моралдык желмогуздар”,-деп президент айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости