www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанытма: Элиталарга тийишпегиле, майнап чыкпайт

Кызык. Элдин басымдуу бөлүгү “бутуна жем” түшүп кеткен аттуу-баштуу коррупционерлердин ал түгүл аты, жөнүнөн бери жакшы билишет. Тилекке каршы алардын отурган жерине куурай сая албаганын көрсөтүүдө. Бирок, журт башчынын дагы бир маанилүү буйругу былтыр чыккан. Мындан ары карай коррупционерлерди фактынын негизинде көзгө сайып көрсөткөн жаранга керек болсо сый-акы берилет деген жери бар.

Демек, түкүргөндөрдү аңдыбай, накта коррупционердин үйүлгөн байлыгы эмненин эсебинен келгендигин, ал көпөс акыйкатта жемкорлук аркылуу байыганын аныктап берсең, анын мүлкүнөн казынага түшкөн олжонун бир бөлүгү сеники болот деген жери бар болчу. Анда жеңди, багалекти түрүнүп алып иликтөө иштерине кириш. Бирок, эл өкүлүнө, ири чиновниктерге кол салам дебе? Баары бир андан майнап чыкпайт. Андан көрө өтө чоң эмес, майдараак коррупционердин сары изине түшүп, айласын кетир. Олураңдаса, сен эмне ажонун буйругуна каршысыңбы,-деп мазесин ал. Эгерде өзү сага бирдемке “эмизе” койсо бергенине нысап кылып жолуңа түш. Анткени мамлекеттен сага балээ да тийбейт. Ар кимге жаман көрүнүп, шүмшүк атка коносуң.

Чала-була органда иштегендерге сонун жагдай түзүлдү. Үйдөгү көрөр көзүнө да тигилерди кылтакка түшүрө албай таң атты деген шылтоону айтып оңой кутулат. Албетте, кээде түшкөн акчадан ченеп туруп колуна карматууну унутпа? Бизде учурда коррупцияга белчесинен малынгандар койдун корголунан бетер жайнап кетти. Аларды бийликтин тапшырмасын аткарууга чакырылган азаматтар деле “тукум курут” кылалбай заманасы куурулуп жатат. Барган сайын эгиздеп төлдөгөн жемкорлор жер менен баспай учакта чиренишет тимеле баарын кыйратып койгонсуп. Антсе да бийликтин “коррупционерлер силердин түбүңөргө жетебиз”-деген урааны кескиленип жол-белде калганына карапайым калк бушайман болбосо экен ылайым. Трибунага чыкканда гана оргушталып айтылган күрөштүн бечараларга жылуулугу тиймек беле? Ал эми ак үйдө эркелеп отурган ак жакалуулар мындай күрөштү түшүндө да көргүсү келишпейт, чиркин!

Т. Оңдурбасов

Булак: "Ачык сөз"

 

 

Последние новости