www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.
-Улан каза болгон күндөн бери жалпы кайрымдуу инсандардын башын бириктирип, анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөткөн “Элим барсыңбы?!” кайрымдуулук коомуна жана жалпы ММКларга терең ыраазычылык билдиребиз. Уландын өткөн өмүрү, эмгеги, кылган иштерин жерде калтырбайкоомчулукка жеткирүүдө. Интернеттен башы чыкпагандар, Улан каза болгон соң билип, бизде ушундай бала бар турбайбы деп жатышты. Ошолорду тез-тез чагылдырып турган 5-канал жамаатына, “Назар Ньюс” сайтына терең ыраазычылык билдирем. Коомдук телеканал чыгарбаган нерсени ушулар чагылдырып турду. Бир эже жазат “Каниет, мен коомдук телеканалга нааразы болуп жатам”,- деп. “Неге нааразы болуп жатасыз?” – десем,“Уландын каза болгонун билбей, жаңылык көрүп отурсам, анын өлүмү тууралуу кабарды эң аягында берип койду. Ал күнү мына ушундан башка маанилүү жаңылык деле жок болчу”, - дейт. Эже ал нерсеге капа болбой эле коюңуз. Артында турган эл баалайт, эл урматтайт.
"Мен да Улан жөнүндө эскерип кетпесем болбойт. Улан ТВга чыкканда, депутаттар, айрым адамдар үчүн сүрдүү көрүнчү. Бирок Улан өтө тамашакөй эле. Дайым мени, досторуну тамашалап турчу. Акыркы убактарда Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун “Мен сени сүйөм өмүр” деген ырын күнүнө 5-6 жолудан кайталап ырдачу. Эгер ошол ыр бизде жок болуп калса, бизди урушат эле. “Башка ырды уккандан көрө ушул ырды укпайсыңарбы, өмүрүңөрдү сүйбөйсүңөрбү” деп. Сапаргүл айтып жатат, Сапаргүлгө үйдөн бийлеп берчү экен. Биз ушунчалык тамашалашчубуз, керек болсо, мушташып да кетчүбүз. Айрымдар айтып жатышат, Каниет Улан аркылуу өзүн пиарлап жатат деп. Мен мындан ары Улан тууралуу маалыматты көп чыгара бербейм, бирок, анын кандай иштерди кылганын, теледен тышкары иштерин, кандай адам экенинбилдиргиң келет экен. Анан, өлүм менен адам өзүн пиарлабайт. Ошону айткым келип жатат.
Мына Уландын атына фонд ачылды деп жатышат. Фонддун ишин жакшылап улантышыбыз керек. Ата-энесине терең ыраазычылык билдирем. Ата-энеси Уланга өтө татыктуу тарбия берген экен. Уландын элге алынышынан, элдин арасында ушундай болуп түз, чындыкты чагылдырып жүрүшүнөн ата-энеси чындык деп жүргөн адамдар десеңиздер болот. Себеп дегенде, айылдагы кадыр-барктуу адамдардан. Биз уулуңардын ордун жоктотпойбуз.
Иликтөөлөр боюнча сурагандар болуп жатат. Иликтөөлөр уланып жатат. Эми, өзүңүздөр билесиздер, кандай мамлекетте жашайбыз,кандай кооптуу жашайбыз,адилеттүүлүк болобу, болбойбу. Экспертизанын жыйынтыгын уктуңуздар. Буюрса, мындан ары анын ишин улантууга 100 пайызга аракетибизди кылабыз", - деди Каниет Жыргалбеков.
Булак: NazarNews.kg