www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда өлкөнүн Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту.

Жолугушуу Кыргызстандын парламентинин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү.

Мыйзам чыгарууну жакшыртуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кароосунда биринчи кезекте карай турчу мыйзамдардын пакети бар экенин белгиледи. Алардын ичинде республикалык бюджеттин кийинки жылга карата долбоору. Ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча Өкмөттү мыйзам жагынан колдоо зарыл экендиги белгиленди.

Мындан тышкары Президент алдыдагы парламенттик шайлоодо эрежелердин туруктуулугун камсыздоонун маанисин белгиледи.

«Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калгандан кеч эмес такталып киргизилиши керек жана кийин „оюндун шарттары“ өзгөрбөшү керек», — деп эске салды Мамлекет башчысы жана парламентти шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, өз учурунда кабыл алууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин өнүгүүсү жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн бийликтин бардык бутактары биргелешип иштеши зарыл экендигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин профилдик комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштады деп белгиледи. Бул жумада парламенттин отурумдары башталат.

«Кыргызстандын парламенти Жогорку Кеңештин сессиясынын  кийинки мөөнөтүнө даяр», — деп белгиледи Дастанбек Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости