www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан чет өлкөлөргө жумуш издеп чыккан эмгек мигранттарынын агымы солгундоонун ордуна, кайра күчөгөндөн күчөп, азыркы учурда бир миллион адамга жакындап калды. Жыргал турмуштун айынан ким туулган жерин, мекенин таштап кеткенге мажбур болсун? Жыргаганымдан жылкычы болдумбу дегендей… Айласыздан көр тириликтин айынан белди бекем бууп жолго чыгышат.
Кыргызстандын мигранттары айрыкча, АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Турцияда, Түштүк Кореяда, Бириккен Араб Эмиратында, Казакстанда жана басымдуу бөлүгү, 730 миңден ашыгы Оруссияда байырлашкан. Мындан тышкары 270 миңдей кыргыздар Оруссиянын жарандыгын алышкан. Жарандык алгандар бир миллион мигранттын катарына кирбейт. Оруссияда 90 пайыз мигранттар квалификация талап кылбаган, кара жумуштарда эмгектенишет. Оруссия жарандыгын алган Кыргызстандыктардын да 80 пайызы кара жумуштарда эмгектенет. Калгандары майда жеке ишкерлик, соода-сатык жана врач, мугалим, инженер, программист жана башка квалификациялуу кесиптерди аркалашат. Оруссияда кыргыз мигранттарынын эң көп, жыш жайланышкан жери Москва шаары жана Москва облусу. Бул аймакта 250 миңге жакын Кыргызстандык эмгек мигранттары эмгектенишет. Москва аймагы Оруссиянын экономикасы эң өнүккөн чөлкөмү. Бул аймакта иш кеңири, эмгек акы жогору. Москвадагы эмгек мигранттарынын орточо айлык акысы 25–30 миң рубльди түзөт.
Советтер Союзу кулап, эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдары жашоонун кыйындыгынан элибиз туш тарапка чачырай баштаган кезде, Москвага барып иштегендер бир жылга жетпей иштеп, үйлөрүнө биротоло кайтышчу. Кийинки этапта баргандар, үй салсам, автоунаа алсам, балдарды окутуп-чокутсам кайра кайтып барбаймын деген ой-максаттарын ишке ашыруу үчүн узагыраак убакытка иштешкен. Алардын үмүт-тилектеринде: «жылдар өтүп, өткөөл мезгилден өтүп алсак, акыры Кыргызстаныбыз оңолуп-өнүгүп кетет» — деген үмүттөрү менен иштеп, келечектерин Кыргызстандан көрүшкөн. Максаттары Оруссияда убактылуу иштеп-кайтуу болгон. Бирок, Кыргыз мамлекети чейрек кылымдан бери оңолуунун, өнүгүүнүн жолуна түшпөй, бир калыпта тура бергендиктен, акыры мигранттардын үмүт-тилектери өчүп, ой-максаттарын өзгөртүүгө туура келген. Азыр мигранттардын басымдуу бөлүгү Оруссияда биротоло байырлап калууну же пенсия курагына чейин иштөөнү көздөп калышты.
2008-жылга чейин поезддерде, самолеттордо, Москвадагы кыргыздар ижарага алып жашаган батирлерде, көчөлөрдө жаш балдарын ээрчиткен кыргыз мигранттарын анда-санда кезиктирет элең. Азыр батирлерде жаш балдардын, бөбөктөрдүн жашаганы кадыресе көрүнүш болуп калды. Коляска түртүп көчөдө жүргөн мигранттар көбөйдү. Балдар бала-бакчаларга, мектептерге барып калышты. Мурда бир үй-бүлөдөн бир адам Оруссияга иштегени кеткен болсо, азыр бир үй-бүлөнүн толугу менен Оруссияга кеткен учурлары көп байкалууда. 2008-жылга чейин Борбордук Азиядан келген мигранттарды Москванын ички иштер кызматкерлери тарабынан текшерүүлөрү өтө катаал болгон. Адам укугу кордолгон учурлар да көп кездешкен, көчөлөрдө ээн-эркин басып жүрүү кыйын эле. Мигранттар аялдамалардын артында жашынып автобус күтүшөт эле. Метролорго кирүү да өтө кооптуу болчу. Кирсең полициянын торуна кабылат элең. 2007-жылдын аягында, адам укугун сактоого көңүл бурулуп, башаламан текшерүүлөр кескин азайып, көчөлөрдө, метролордо мигранттар эркин жүрүп калышкан. 2005–2007-жылдары Москва шаары жана Москва облусунда 100 миңдей кыргыз мигранты бар эле. Азыр эки жарым эсе көбөйдү. Оруссияда эрезеге жеткен улан-кыздарыбыздын жүрөгүндө биринчи кезекте Кыргызстан эмес, Оруссия туруп калышы шек жаратпайт. Анткени, экономикалык кызыкчылыктар, мамлекеттин абройу адам баласынын сезимин өзүнө тартып турат экен. Азыркы кезде эле, «менин мекеним Россия» — деген кыргыздарды көп жолуктурасың.
ЕАЭБке киргенден кийин да мигранттарга кыйла жеңилдик болуп, жакшы шарттар түзүлдү. Мурдагыдай «ишке уруксата кагазы», патент талап кылынбай калды. «Ишке уруксат кагазын» бир жылга алуу үчүн да 15–20 миң рубль акча сарпталат эле. Азыркы күндө эмгек келишиминин негизинде эле иштеп жатышат. Азыр Кыргызстандык мигранттардын негизги көйгөйү «миграциялык картаны» убактылуу каттоого коюуу. Москвалыктар мигранттарды үйлөрүнө каттоого тургузууну каалашпайт. Жеке фирмалардын, агенстволордун ортомчулугу менен убактылуу каттоого турганга болот. Текшере келгенде, алардын көпчүлүгү фальшивый даректер болуп чыгат. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн бирден бир жолу Кыргызстандын бийлиги стратегиялык өнөктөшүбүз Оруссиянын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп Москва шаарынан же облусунан беш-алты гектар жер алып, эки-үч миң орундуу эмгек мигранттарына жатакана куруу керек. Ошондо мигранттардын жатаканасына Москва аймагындагы Кыргызстандык бардык мигранттарды убактылуу каттоого коюууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жатаканада реабилитациялык, медициналык жана маданий борборлор түзүлүп, кыйынчылыкка кабылган мигранттарга жакындан жардам берилип, башкалкалоочу жай болору турган иш. Мисалы, Ош шаарында кытайлар 10 гектар жерге «Шанхай сити» деген жатакана комплексин ачышкан. Ал жатакана түштүк регионунда кытайлардын баш калкалоочу шаарчасына айланган. Биз да ушул сыяктуу Москва аймагында миграцилык каттоо маселесин жатакана куруу жолу менен чечкенге неге болбосун? Анткени, жыл сайын чет жактагы мигранттардан которулуп келген 2 млрд доллар акча Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатат. Турмуш-тиричилик өтүп, үйлөр курулуп, той-топурлар болуп, соодагерлердин соодасы жүрүп, мамлекетке салык төлөнүп дегендей… миграциядан келген акча менен жеке ишкерлик баштагандар бар. Ошондуктан мигранттардын негизги көйгөйү болгон жатакана маселесин мамлекеттик деңгээлде чечип берсек, мигранттарга абдан жакшы шарттар түзүлмөк.
Эми миграциянын коомго тийгизген терс жактарын айтсак. Тилекке каршы, Москвада мигрант жаштардын арасында жүрүм-туруму начарлап, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичип, коомдук тартипти бузгандар, тоноочулук-уурулук, зордуктоо боюнча кылмышка баргандардын саны арбууда. Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей, айрым кыз-келиндердин арасында жаман жолго жүрүшүп, жаңы төрөлгөн ымыркайларын төрөт үйлөрүнө, көчөлөргө ташташууда. Кыргызстандык аялдардын таштанды 230 наристеси Москва шаарындагы балдар үйлөрүндө каралууда. Москвадагы балдар үйүнөн 34 кыргыз наристени Америка Кошмо Штаттарына алып кетишкен. Борбордук Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандык таштанды наристелердин көп болуусу өкүнүчтүү. Турцияда да моралдык терс көрүнүштөр кулачын жайып, сойкулук менен алектенген Кыргызстандык кыздардын Турциянын полициясы тарабынан кармалганы, ММКларда байма-бай жарыялана турган болду. 2017-жылдын Турциянын нике каттоосу боюнча Кыргызстандык 680 кыз-келиндер түрк жарандарына турмушка чыгышып, айрымдары кордукка дуушар болушууда. Миграцияга кеткендердин Кыргызстанда калган балдары ата-эне мээримине муктаж болуп, тарбиялык-жактан аксап жатышат. Жаш мигранттардын арасында, жүрөк, кан-тамыр, суук тийүү өнөкөт илдеттери менен ооругандар күч алууда. «Жүк‑200»менен өткөн жылы 197 сөөк мекенине келген. Эми бул коомдогу терс процесстер чет жакта эле эмес, Кыргызстандын өзүндө да болуп жатканы өкүндүрөт.
Негизги жүрөктү өйүткөн маселе, ишке жарамдуу калктын, башкача айтканда, 18–50 жаштагылардын 50 пайызы тышкы эмгек миграциясында жүргөнү болуп жатат. Дүйнөлүк практикада 15–20 пайыз ишке жарамдуу калктын тышкы миграцияда эмгектенгени нормалдуу көрүнүш болуп эсептелет. 20 пайыздан ашып кетсе — улуттук экономиканын өнүгүшүнө, мамлекеттүүлүккө, эгемендүүлүктүн бекемделүүсүнө залакасын тийгизет. Айрым өлкөлөрдүн ишке жарамдуу калкынын тышкы миграциялык агымын салыштырып көрөлү: Россияда –12 пайыз. Турцияда –15, Арменияда –17, Украинада –28, Өзбекстанда –32, Тажикистанда –45, Сирияда –60–70 пайызды түзөт. Ишке жарамдуу калктын тышкы миграциясынын 50 пайызга жетип калган көрсөткүчү, айрыкча 6 млн калкы бар чакан мамлекет үчүн өтө кооптуу кырдаалды жаратат. Ошондуктан мигранттарга чет өлкөдө шарт түзүүнүн ордуна Кыргызстанда шарт түзгөнүбүз жүз эсе артык. Мигранттардын жок дегенде жарымы кайтып келип, өзүбүздө жакшы шарттар түзүлсө ички дүң продукциянын өсүүсүнө да өбөлгөлөр түзүлмөк. Азыр Кыргызстанда коммерциялык, жеке менчик ишканаларда эмгек акылар рационалдуу эмес, адилетсиз бөлүштүрүлөт. Мисалы, ишкананын ээси же жетекчисинин бир айлык эмгек акысы же кирешеси 500 миң сом болсо, катардагы жумушчулардын эмгек акысы 10–12 миң сом болуп, ортодо эмгек акы боюнча 40–50 эсе айырмачылык болгон ишканалар көп кездешет. Эмгек кодекси, социалдык пакеттер, иш графиги сакталбай карапайым жумушчуларды эксплуатациялоо күч алып, социалдык жиктелүү курчуп жатат. Бюджеттик ишканаларда да айлык акынын аздыгынан ишин таштап миграцияга кеткенге мажбур болуп жатышат. Натыйжада ишке жарамдуу, кесипкөй, квалификациялуу кадрларыбыздан, эр-азаматтарыбыздан массалык түрдө айрылып жатабыз.
Мигранттар Кыргызстандын келечеги, бизди багып жатат деген көз караштан, идеологиядан арылып, мигранттарды мекенине кайтаруунун камын көрүү актуалдуу маселе болуп турат. Айыл-чарбасында, өнөр-жайында жүз миңдеген жумуш орундарын түзүүнүн камын көрүшүбүз зарыл. Чет өлкөдөгү мигранттарды мекенине кайтаруу маселеси туу чокусуна жетти. Туш тарапка чачылдык, мусапыр болдук, жер карадык… Эми мындан ары сазга тереңдеп батууну токтотуп — чачылганды жыйноонун, үзүлгөндү улоонун, улуттук кайра жаралуунун убакты-сааты бышып-жетилди.
Кадырбек Эшмурзаев
Булак: "Жаңы Ордо"