www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандыктар "социологиялык рейтингдер" боюнча чоң тажрыйбага ээ", - деди бүгүн, 28-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу Эмил Каниметов.

- Эмил мырза, акыркы мезгилде сурамжылоо аркылуу рейтинг аныктаганды пиар жасоонунн бир түрүнө айлантып алышты. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Кыргызстандыктар "социологиялык рейтингдер" боюнча чоң тажрыйбага ээ. Коомдук пикирди сурамжылоо менен мурдагы президенттерди колдогон жогорку рейтингдер бир заматта эле эч нерсеге жарабай калган учурлар дале элдин эсинде. Көпчүлүктүн көз алдында мындай рейтингдер көптөн бери пиар жасоонун бир түрүнө айланып калды, ал тургай манипуляциянын бир түрү болуп калды. Эгерде чындыгында эле мындай социологиялык сурамжылоолордо илимий мүнөздөгү элементтер бар болсо, анда алардагы эң эле одоно ката популярдуулук рейтинги менен ишеним деңгээлин аныктоо болуп саналат.

Кыргыз эли тигил же бул президентке өлкө үчүн, эл үчүн масштабдуу, турмушта маанилүү болгон мамлекеттик милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү болгон же чече алган учурларда ишеним артып келишкен. Президенттерге ушундай учурларда үмүт артылып, ишеним жаралган. Эл арасында ушундай ишеним болгондо президенттердин эң жогорку рейтингде болушу дагы туура болгон.

Учурда азыркы Президент дагы элдин ишеничинен чыга элек. Кумтөр иши, “Кудайдын мурдунан” түшкөндөй бийликтин жогорку кызмат адамдарынын, олигархтардын жоопкерчиликке тартылышы, суракка чакырылышы жана башкалар эл алдында анын легитимдүүлүгүн бекемдеп, арттырып турат. Эгерде, маселен, Кумтөр, атүгүл өлкөнүн тоо кен тармагы Норвегиядагыдай болуп улутташтырылса, анда мындай кадамдар Садыр Жапаровдун бийлигин дагы чыңдайт.

- Эл аралык республикалык институт тарабынан чыгарылган рейтингдин жыйынтыгына ынансак болобу?

- Бул Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Т.Умаров ойлогондой эмес, анын тескерисинче. Бул аналитик белгилегендей, УКМКнын расмий документтеринде “Кумтөр” боюнча азыркы бийликте кенди улутташтыруу жөнүндө эч кандай сөз жок. Расмий документтерде кенди денонсациялоо жөнүндө айтылган.

Ошондуктан, мындай аналитиктер менен социологиялык кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордун рейтингине карата көптөгөн ачык жана кесипкөй нааразычылыктар бар. Мындай аналитиктер, социалдык кызматтар менен эл аралык институттар тарабынан жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чала, чийки экени көптөн бери эле белгилүү. Көбүнчө мындай изилдөөчүлөр Кыргыз Республикасындагы социологиялык жана башка изилдөөлөрдүн тандалган үзүндүлөрү үлгү боло тургандай же бир кылка тандалма болуп эсептелбестигин түшүнүшпөйт. Кыргызстандыктардын менталдык, билим берүү, диний, этникалык, региондук ж.б. деңгээлдеги айырмачылыктары бир топ. Андыктан, кайсы бир учурларда бул эл аралык изилдөөчүлөрдүн өлчөөсү боюнча социологиялык сурамжылоолор бул жерде таптакыр иштебей калышы мүмкүн.

Жалпысынан алганда, мындай социологиялык рейтингдердин табияты ушундай, алар болгону коомдук маанайдын "температурасынын" көрсөткүчтөрү болуп саналат. Алар мындай өзгөрүүлөрдүн себептерин да түшүндүрүп бере алышпайт.

Буга карабастан, жогоруда айтылган "эксперттердин" билдирүүлөрү, эл аралык социалдык кызматтардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жергиликтүү маалымат каражаттарында үзгүлтүксүз берилип келет. Ар кандай саясий талкууларда аргумент катары колдонулат. Аларды белгилүү бир саясий топтор жана күчтөр жеке кызыкчылыктар үчүн колдонору анык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости