www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биз эгемендиктин баркына жете алган жокпуз, келечектен үмүтү үзүлгөн жаштар мекенип таштап мигрант болууга аргасыз болушту", - деди бүгүн, 28-августта NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.
- Төлөгөн агай, эгемендиктин баркына жете алдыкпы? Көз карандысыздыкты баалай алдыкпы?
- Биз эгемендиктин баркына жете алган жокпуз, келечектен үмүтү үзүлгөн жаштар мекенип таштап мигрант болууга аргасыз болушту. Ким бийликке келсе урдамай, тономой менен алектенип, ички, сырткы карызыбыз ИДП 70% жакындап калды. Бул өтө чоң коркунуч. Кандай бийлик келсе да Акаевтин жолуна түшүп алышып кейиштүү тагдырларга туш болушту.
- Президент элге берген убадалпрын аткарып жатабы?
- Президенттин элге берген убадалары эсимде жок, бирок айланасын мурдагы эле ит-куйруктар ороп алды. Өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык, экономикалык маселелер, чек ара, социалдык көйгөйлөр, кымбатчылык, эпидемиялык кырдаал, кошуна өлкөлөр менен мамиле өзгөрүүсүз калды.
Булак: NazarNews.kg