www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канназар Ыдырысов УКМКнын атайын даярдалган кишисиби?

Ош шаарынын тургуну Канназар Ыдырысов дегенди ким билет? Өткөндө С.Жапаровго, К.Ташиевге, К.Зулушевге «30 жылдан бери биринчи жолу биздин үндү бийлик угуп, мафия башчысын кармадыңар. Сиздерге ыраазымын!» деп билдирүү тараткан экен. Көрсө, «иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн» бизге жеткен маалымат булагы боюнча аз да болсо түшүндүрмө бергенге аракет кылалы.

Демек, Садыр Жапаров Ош шаарына барып эл менен жолугушуу учурунда «кимдер суроо берет?» деген атайын сценарий боюнча бир жума мурун Бишкекке Канназар чакырылып, УКМК тарабынан даярдалганы кандай? Улукбек Өмүрзаков бүгүнкү күндө жалган жалаа менен Ош шаарынын УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалып отурат.

Бизге жеткен маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин алгылыктуу тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын кандай түшүнсөк болот? Улукбек Өмүрзаков болсо кадимки эле КР ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси.

Демек, бул жерде кандайдыр бир кара пиар жүргүзүлүп, агасына көө сыйпоо аракети болдубу?

Сүйүн Өмүрзаков - Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда эч кандай ыплас саясий өңүттөгү иштерге аралашпай, жада калса ИИМдин мурдагы министри, качкын Кашкар Жунушалиевдин жүргүзгөн туура эмес иштерине каршы чыгып келген. Өзүнүн ишин так жана таза аткарганы үчүн ИИМдин ичинде кадыр-баркы абдан жогору экенин билет элек. Бул иш боюнча мындан кийин да журналисттик иликтөө кылып, маалыматты ачык-айкын берип турабыз. Азырынча ушу...

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости