www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар системалуу түрдө улантылууда.

Чогултулган материалдардын алкагында Кант шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тактап айтканда, 1998-жылы 1,07 гектар аянтты ээлеген бала бакча, анын ичинен 14 сотых имараттын астындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен, аталган комплекс максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн, б.а. балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максатында Кант шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.

 

Последние новости