www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында жайгашкан С.Тентишев атындагы Азиалык Медициналык окуу жайында бүгүнкү күнгө чейин чыр болуп келет. Окуу жайдын ректораты өзүнчө мыйзам менен билим беришет. Ал мыйзамдар КРнын мыйзамына ылайык эмес.

Студенттердин башка окуу жайга которулабыз дегенин алар кабыл алышпайт. Ошол жерден окуудан айдап кетиришет. Студенттердин документтерин зачеттук китепчесин дагы беришпейт. Кээде жоготуп дагы салышат. Бир күн келбей же болбосо дааратканга суранып чыгып келген стуленттерге кайрадан 200-500сом төлөбөюнчө киргизишпейт.

Ал дакта индус жана кыргыз студенттери окушат. Ушул күнгө чейин аталган окуу жай тууралу көптөгөн жерге терс маалыматтар чыккан. Бирок мамлекеттин билим берүү тармагы бул окуяларга кош көңүл кылып келишет. Билим берүү министрлигинин окуу жайлар боюнча бөлүмүнүн жетекчисине Канттагы окуу жайдагы болуп жаткан саясат тууралуу түшүндүргөндө, “каалаган жериңерге жаза бергиле, бизге студенттер келип арыздансын”, деген. “Атайы текшерүү болбойбу, үч күн мурун арыз жазылган” деген суроого, “катты окуй элекмин, текшербейбиз” деген жооп алдык. Качан бир билим жааты оңолот белгисиз. Бардык жерде коррупция орноп келечекке кош көңүлдүк кылган бул мамлекетти алдыга жылдырбайт!

Негизи Билим тармагын Канат Сыдыков сындырып кетти, аман болгула бирок иштей албасаңар кетсеңер болмок.

Баса, аталган окуу жайды “Кыргызстан” саясый партисынын бир эл өкүлү “крышавать” этет экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости