www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Саламатсызбы, Ахматбек Келдибековдун соттуулугу 8-ноябрда алына тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы 13-июнда маалымат таратты. Курманбек Эргешович, Сиз тажрыйбалуу юрист катары кандай пикир айта аласыз? Демек, Жогорку Соттун билдирүүсү мыйзамга дал келбейби?
-Албетте. Формалдуу түрдө алар “мыйзамдын талабы ошондой", деген түр көрсөтүүдө. Болгондо дагы билдирүүнү Жогорку Соттун басма сөз кызматынын оозу менен сүйлөтүп жатышат. Мен бир нерсени дагы баса белгилеп айтып койоюн Жогорку Соттун басма сөз кызматы эмес, Жогорку Соттун өзү дагы мындай иш боюнча коомчулукка жарыя кылганга акысы жок. Бул соттордун жүрүм-турумуна жана мыйзамга дал келбейт. Мен Жогорку Соттун кечээги кадамын туура эмес деп баалаймын. Кыскасы жөнөкөй тил менен айтканда “Ахматбек Келдибековго атайын бут тосуу башталды” десек болот.
Эске сала кетсек, 13-июнь күнү Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибековдун соттуулугун алып салуу боюнча Жогорку сот маалымат тараткан. Маалыматка караганда Келдибековдун соттуулугу ушул жылдын 8-ноябрда алына тургандыгын Жогорку Соттун басма сөз кызматы 13-июнда жарыя кылган эле.
Булак: NazarNews.kg
Толугу менен төмөнекү тасмадан көрө аласыздар: