www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Каныбек мырза, сиз Жогорку кеңештин отурумунда спикер Дастан Жумабековдун дарегине бир топ сындарды айттыңыз. Төраганын сизге эмнеси жакпай калды?

-Саясатта баары болот экен, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков төрага кезинде бир топ депуттарга кылмыш иштери козголуп, УКМКнын СИЗОсунда отуруп калышкан. Ошондо Келдибеков,Жээнбеков, Турсунбеков баш болуп барышчу эле. Бул адамкерчилик да, анүстүнө “депутаттык укугун коргош керек” деп регламентте да жазылган. Себеби, сот аларды күнөөлүү катары таба элек. Бирок, Дастан Жумабеков өзүнүн партиялашы, партиясынын лидери Канат Исаевдин алын сурап бардыбы-барбадыбы, мен билбейт экенмин. Баргандан коркуш керекпи? Анүчүн эч ким төрагалыктан алып салбайт да.

– Негизги талаш-тартыштар өкмөттү ишмердигине байланыштуу жаралды го?

– Өкмөттү сөзсүз колдош керек эгер жакшы иш кылып атса. Бирок, кечээки ТЭЦтеги авария – бул түздөн-түз шалаакылык. Биз “өкмөттү кетирели” деген жокпуз. Бирок, спикер жети-сегиз жолу премьер-минситрди колдогону – бул мамлекеттик позиция эмес да. Биз “премьер-министрди колдойлу” деп келген эмеспиз. Биз шайлоочуларды колдойлу деп келгенбиз. Өкмөткө сын-пикир беш депутат болсо, бешөөнүн тең сөзүн бөлүп, бешөөнө тең комментарий берүү – бул төраганын даражасына чоң шек жараткандык. Мен муну кесиптеш, пикирлеш катары, мүмкүн Жогорку кеңештин беделин көтөрүү катары айтып жатам.

Бир жарым, эки айда беш жолу Конституция бузулуптур. Вице-премьер Зилалиев келип, вице-премьер Кенекеевди сунуштап атат. Вице- премьер Шадиев келип, премьер-министр Муканбетовду сунуштап атат. Конституциянын 87-беренсинде “премьер-министр өзү келсин” деп түздөн-түз жазылган. Анан жанагы “Евразия Бажы кодексинин датасын өзгөрткөн жокпуз” деп 3-январда чогулдук. Уят болдук КМШга. Бул парламенттин күнөөсү, анын ичинде жетекчи катары төраганын дагы. Андан кийин Кулматовду ишинен кетирбей туруп, дээрлик эки жума бажыда кызматта болду. Конституциялык эң бийлик орган – Улуттук банктан кетирбей туруп, Жогорку кеңештин макулдугу жок кантип премьер-министр дайындайт? Бул уят! Эмне үчүн дүйнөдө эки палата бар?

Бир палата кетерип койгон кемчиликти экинчи палата оңдойт. Бизде андай болбогондон кийин, биринчи окуу менен экинчи окууга чейин сөзсүз он күн өтүшү керек. Он күндүн ичинде эмоция таркайт, катасы көрүнөт. Бир комитет көрбөгөндү экинчи комитет көрөт. Биз залда отуруп эле “ура” деп төрага баш болуп бюджетти бир күндө кабыл алып койдук. Бул эмне деген цифралар?! Эртең эле катасы чыгышы мүмкүн. Андан бөлөк ратификациялар “ура” менен кабыл алынып жатты. Мисалы, комитеттин төрагасы айтып атпайбы, “TBEA TЭОсу жок кабыл алынган” деп. Азыр деле “Акылдуу шаар” долбоору ТЭОсу жок кабыл алынууда. Тажикстанга бир кесилиш 220 миң долларга жасалса, Кыргызстанга ушул эле фирма 500 миң долларга айланып атат. Алардын көчөлөрү деле биздей эле да. Аныгында, бул жакта дагы коррупциялык элементтер жокпу?TBEAдагы текшерүү бүткөндө муну кое турушу керек эле.

Кечээ премьер-министр “комиссияны мага түзөлү” дейт. Өкмөт башчысынын алдындагы комиссия болбойт. Депутаттык комиссия өкмөткө баа берет. Аны угуп отуруп эмне үчүн төрага ага коментарий берет? Айтышы керек болчу да. “Сиз депутаттардын ишине кийлигишпеңиз, сизге баа берчү комиисияны биз чечебиз” деши керек болчу. Мен ошону айтсам, кайра мага комментарий берип жатат. Мен ошону айтсам, кайра мага комментарий берип жатат. Беш депутат: Масалиев, Жамалдинов, Бокоев, Зулушев жана мен сындадык. Бешөөбүздү тең жарыш сөзгө, талкууга катыштырбай койду. Бул парламенттке аброй алып келбейт.

Спикер азыр жаш, мүмкүн тажрыйба керектир. Бирок, ага билим эмес, саясий эрк керек. Парламентте саясий көз карашы эркин депутаттар көп, анүчүн спикер калыс болуп, сөз бериш керек ошолорго. Асылбек Шариповичке Шариповичке деле, Чыныбай Акунович деле өкмөттү колдогон учурунда, бирок, алар сын-пикир айткан депутатка дагы, өкмөттүн позицисынын колдогон депутатка дагы калыс мамиле болчу. Арбитр болчу. Төрага ошондой болуш керек. Ошондо калыс болот.

– Ушундан улам азыркы спикер бул орунга кокусунан келип калган адам катары тыянак чыгарса болобу?

– Эми ар бир депутат өзүнчө тыянак чыгарат, бирок спикер парламенттин интеллектуалдык, моралдык жана саясий лидери болуш керек да.

Булак: "Азия news"

Последние новости