www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Иманалиев төраганы "сүздү"

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев төрага Дастанбек Жумабеков өкмөт башчыны коргоого аракет кылып, парламенттин аброюна шек келтирип жатат деп сын пикирин билдирди. Мындай пикирин 1-февралда жалпы жыйында сүйлөп, 31-январь күнү Бишкектеги Жылуулук борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда, өкмөттү сындаган депутаттарга парламент төрагасы комментарий берип, бир канча жолу премьер-министрге сын айттырбаганга аракет кылганын белгиледи:

- Мурун да спикерлер өкмөт башчыга каршы болгон эмес, бирок позициясын парламентке таңуулабай, калыс алып барчу. Ошондо парламенттин бедели өсчү. Менин эсебим боюнча төрага 8-9 жолу премьер-министрди колдоп, комментарий бергени мени таң калтырат. Комментарий бергенди токтотсок. Сыртта бир миллион эле суукта калып турса. Биз премьер-министр менен иштешибиз керек. Бирок ачыктан-ачык колдоо парламенттин кадыр-баркына шек келтирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков бул боюнча азырынча пикирин билдире элек.

Белгилей кетсек, 26-декабрда Бишкек жылуулук электр борбору бузулуп, үйлөр ысыбай калган. ЖКда Каныбек Иманалиев төрага күн тартибинде каралып жаткан маселе каралбай жаткандыгын жана төраганын ишине нааразы болуп жаткандыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости