www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында Айзада Тойгонбаеванын Турдакун Усубалиев доор инсаны деген теле берүүсүн көрүп олтуруп, адилеттүүлүк үчүн, тарых үчүн, мен дагы өз ойумду билдирип коюуну туура көрдүм. Анткени элибиз чындыкты билүүгө акылуу. Калк айтса, калп айтпайт. “Эмне дейт?” деп Москваны карап олтура бербей, демилгени колго алып, өз алдыбызча саясат жүргүзгөнүбүздө, мүмкүн мындан да жакшы иштер жасалмак эле да” - деген ойун гана айтып келишет. Бул сөздөрдүн кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар экендигин мойунга алышыбыз керек. Телеберүүгө катышкан аксакал аттууларыбыз бир кездерде кызматка койгон, жетекчиси болгон кишисин биринен-бири өтүп ашкере мактаганын көрүп олтуруп, байыркы грек элининдаанышманы Платондун “Ооба, Сократ менин устатым, бирок чындык андан кымбат”,-деген акылман сөзү эсиңе түшөт. Аттиң,бизде андай болмокк айда. «Вождь мирового пролетариата» аталган В.И.Ленинди деле сындап келбедикпи. Эмне үчүн Турдакун Усубалиевдин агынак, карасын кара дегенге болбосун?
Биринчиден: 1974 – жылы СССРдин министрлер советинин төрагасы Алексей Николаевич Косыгин жергебизге биринчи жолу келип түшкөндө, таң калганын жашыра албай, Т. Усубалиевден “Шаарыңар кайда?” деп сураганын укканыбыз бар. А. Жумагулов айткандай, ал кезде шаарыбыз чоң эле бир кыштак экен. Ошол кездеги А. Н. Косыгин менен жолугушууга келип аралашып калган кишилердин айтуусуна караганда, ал киши биздин уруксатыбызды күтүп, эмне дейт деп олтура бербей, көп кабаттуу үйлөрдү, кеңселерди куруп, шаарыңардын архитектурасын өзгөртүп, көркүнө чыгаргыла деген кеңешин берген турбайбы. Мына ошондон кийин гана көп кабаттуу үйлөр, кеңселер, музейлер курулуп, үстүнө мрамордон чепкен кийинип шаарыбыз шаардай болуп көркүнө чыкканын элибиз жакшы билет.
Экинчиден: Жалал-Абад дубанында жайгашкан “Кампырабад” суу сактагычын айта турган болсок, суусу да, жери да Кыргызстандыкы болгондугуна карабастан суу сактагычты куруу вазыйпасы Өзбек тарапка өтүп кеткен. Азыркы учурда суу сактагычка өзбектер ээлик кылат жана сууну ошолор бөлүштүрөт. Кырк жылдан бери “Чычкан аке суу бер” - деп араң сурап алабыз. Себеби ошол кезде Москвага таасири чон Шараф Рашидовдун бул чөлкөмдө “Старший брат менмин” - деген сөз өтүмдүү болсо керек. Ал кезде Турдакун Усубалиев, Алмазбек Атамбаев Назарбаевге айткан каяшаны Ш.Рашидовдон өтүнүп айта албаган окшойт. Учурдан пайдаланып айтып коюш керек, А.Атамбаев азуусун көрсөтүп туура эле кылыптыр. Кимдир бирөө Гагарин болушу керек эле да. Н.Назарбаев билгизбегени менен бөйпөңдөп эле калбадыбы. Ал,ал болду дейли. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн Левобережный Кампырабад каналы, Кадамжай районуна чейинки сугат жерлерин камтый турган канал курулбай калган.Экинчиден суу сактагычтын алдында калган жердин ордуна жаңы жерлерди өздөштүрүп беребиз деген убадасын да толук аткарган эмес. Суу сактагыч 1978-жылы ишке берилген. Жогорудагы биз айткан Кампырабад каналы келишим боюнча суу сактагыч менен бирге курулуп, бирге ишке берилиши керек болчу. Союз таркабаганда, курулмак деген болбогон шылтоо. Мындай чоң стратегиялык мааниге ээ объектилердин тагдырын чечиш үчүн маселени Москвага кабыргасынан койгонго Т.Усубалиевдин эрки жетпедиби же кайдыгерлик кылдыбы, бизге чоң сыр бойдон калууда.
Үчүнчүдөн:Улуттук маданиятыбыздын башаты болгон эне тилибиз болуп көрбөгөндөй кыйроого учурады.Айтсак,илим-билимдин ордосу болгон баш калаабыз дээрлик орус бала-бакчалары менен орус тилиндеги мектептерге айланды.Кыргызстан-Киргизия болду.Жаштарыбыз кыргыз болбой, «киргиз» болду.Мындай ашыкча кошоматчылыктын кимге кереги бар эле, эгерде андан эне тилибиз зыян тартып жатса?
Төртүнчүдөн: Мал чарбасындагы өсүштү айтып мактадыңар. Өндүрүштүн баардык тармагын, өзгөчө мал чарбасын «приписка» деген балекетин тумандай каптап, 100нөн 190дон жел козуларды алып анан союздун түбүнө жетпедик беле. Мунун эмнесин эрдик дейсиңер? Буларга окшогон далилдерди айта берсең ондоп саналат. Мүмкүн Турдакун Усубалиев адам катары жакшы кишидир. Андай дейин десең, жер жамандап барбасын, бийликтен кеткен алгачкы жылдарында жазылган эки томдук эмгегинде “Мени М.Гарбочев күнөөм жок эле кызматтан алып койгон. Ага А.Масалиевдин катышы бар”,- деп жазган эле. Ооба, бирөөгө ор казсан, кең каз – дейт элибизде. Кезинде бейишиң болгур Искак Раззаковду да күнөөсү жок эле кызматтан алышканын, ага Т.Усубалиевдин катышы бар экени жөнүндө айың кептер көп эле айтылып келген. Дагы бир айтып кетчү нерсе: мындан бир эки жыл мурун кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал Түгөлбай Казаковдун «Улутман» теледолбоорунда талкууга койулган маселе, И.Раззаковдун кейиштүү тагдырына байланыштуу болуп, анда И.Раззаков “Туулган жеримдин топурагы буйруса, өз жериме барып өлөйүн” - деген ойдо Кыргызстандын алыскы айылдарынын бирине барганга өтүнгөн өтүнүчү таш капканда, кантип каңырыгы түтөгөнүн эстесен ыйлагын келет. Кайран киши! Ал эми о дүйнө салганда, беш жыл өкмөттү, он бир жыл өлкөнү башкарып, “Сен таза болсон, мен таза болсом – коомда таза болот”, - деген учкул сөздөрү менен элдин эсинде калган улуу инсанды акыркы сапарына узатып, топурак салганга Т.Усубалиевден айбыгышып, бир дагы жетекчи баралбай калгандыгын абдан жакшы чагылдырган. Канчалык ачуу болсо да, чындыкты айтып, кимдин ким экенин таамай айтып бергендиги үчүн Түгөлбай Казаковго кыргыз эли ыраазычылык билдирет.Бул эмне дегендик? Көрө албастыкпы? Кекчилдикпи? Ичи тардыкпы? Же ит күлүгүн түлкү сүйбөйбү? Аттиң, биркем дүнүйө!
Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фондтун төрагасы С.Бекботоев
Булак: NazarNews.kg