www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Османалиев: Кайран гана кепкам

Бүгүн эртең менен Ош базарына барып 400 сомго жакшы үлгүдөгү корейский кепка сатып алып,койкойто кийип алып кычырап бей кабар келе жатсам, көк желкеме бирдеме келип "былчч" эле түштү. Башымдагы кепкам учуп барып жердеги чалчыкка "чалп" этип түшүп калды,өзүм чала була мүдүрүлүп барып туруп калдым. Бурулуп артымды карасам, менден эки келген кара тору жаш келин турат көздөрүн алайтып мени тиктеп. Сол колу менен оозун жаба калды, оң колу менен дындыйган чоң баштыкты кармап турат тап берип, дагы уруп жиберчүдөй болуп. 

- Ия айланайын, бул эмне кылганың...дени кардың сообу? - дедим. 

- Ака кечириңчи...мен сизди Сабыр акам экен жаңылып алыпмын! - деди мукактанып. 

- Ой, анан Сабыр акаңды ушинтип да урасыңбы? - дедим. Бир чети жаңы эле алып кийген кепкама ичим ачышса, бир чети келиндин энөөлүгүнө жиним келип.

Манталаңдап басып барып чалчыкта жаткан кепканы эңкейип алайын деди эле, андан мурун дагы бир жубарымбек велосипеди менен келиштире кепкамдын үстүнөн жалпайта тебелетип, зуу койуп өтүп кетти. Жапжаңы кепкам чалчыкта шалтактап жатып калды. Кепкамды алып силкип жиберип колума алып туруп калсам,кепкамды колуман алып : - Ака капа болбоң , өзүңдөй таптаза кылып тазалап келип берем! - деп, баштыгына салып алды. 

Сабыр акасы өзүнүн айылдык кошунасы болот экен, айтымында өлла окшош экенбиз. Бу ичинде кири жок ачык айрым чунак келиндин,тааныбай өтүп бараткан жакын адамдарын, ушинтип туруп көк желкеден ары берип калмай адаты бар тура көрсө. Барынан кызыгы кепкамды качан, кайсыл жерге, кайсыл күнү алып келип берерин дааналап сурабаптырмын. Жок дегенде атын, телефонун сурап койсочу... мына кызык. 

Ошентип бүгүнкү,чыгышы кайсы, батышы кайсы, билинбеген кыйсыпыр күн, алоолоп анан кыярып барып каза болду.....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости