www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акылбек Жапаровдун колуна эбегейсиз зор аткаруу бийлиги берилди», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Эдил Байсалов менен Текебаевдин ортосундагы кайым айтышуу коомчулуктун көңүлүн бурду.  Жаңы өкмөттө Кыргызстандын келечегин куруп кете турган мүмкүнчүлүк барбы?

- «Азаттыктагы» Бакыт Асанов деген журналист абдан чебер экен. Кечээ Кыргызстандын мен деген төрт саясатчысын аңтар-теңтер кылып кагыштырып, бири-бирин жулмалаштырып койду!

Ыймандай сырлар ачык эле төгүлүп кетти. Анын контекстинде абдан жооптуу болгон (социалдык блок) Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлык кызматына жаңыдан эле келген Эдил Байсалов агынан жарылды.

Өзү мен билгенден Эдил мырза ар дайым чындыкты бетке айтып көнгөн инсан. Аны андай бол же мындай сүйлө деп эч ким мажбурлай албайт. Чыныгы саясатчы үчүн бул сапат эң керектүү дейт элем. Өмүрбек Текебаев дагы ошондой эле көкжал жана чыгаан саясатчы.

Азыр кандай чиновниктердин заманы күчөп турат? Эч ачыкка чыкпаган, бир жооптуу жана акчалуу ведомствону ээлеп алган кайберендердин доору. Алар мышмыйып отуруп алышып, келемиштенген оокаттарын өткөрүп жүрө беришет.

Аларга элдин абалы бир тыйын. Мына ушундай адамдар өлкөнү 30 жылдан бери кемирип жеп келишет. Так ушундай акмактар кыргыз элинин душмандары. Ал эми биздин эки каарман болсо чыныгы патриоттук сөздөрүн тайманбай айтышат. Анан ошонун азабын тиги келемиштер беришет. Менимче Эдил мырза кечээ туура эле көз карашын билдирди.

Азыркы арабөк депутаттарды көрүп туруп мен деле ошондой айтмакмын. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү? Депутаттардын басымдуу көпчүлүгү сабатсыз адамдар. Алар үчүн өлкөнүн тагдыры бир тыйын.

Эдил мырза ошолордун сабаттуу жана патриот депутаттары менен иш алып бара беребиз дегендей болду. Бирок, ушундай пикирди эмоция кылбай, өзгөчө терминдерди колдонбой эле айтса болсок. Анын үстүнө келе турган парламент депутаттарынын бир талуу жерлери бар. Ал жаңы Конституцияда бекип калган - депутаттарды чакыртып алуу нормасы.

Демек, азоо депутаттарды оңой эле тизгиндеп коё алышат. Эдил мырза ошону дагы эске алды окшойт. Анан дагы бир мандаттуу депутаттар баары бир «жүндүү колдордун» жана акчанын жардамысыз мандат ала алышпайт.

Арийне алардын ар биринин кожоюндары болот. Жаңы Министрлер Кабинети эффективдүү иштеп кете ала турган шарттар толук түзүлдү. Президент кечээ ЖКдагы сөзүндө аткаруу бийлигин толук колдойм, узак иштегиле деди го? 

Парламент болсо, «хоп, лаппай» - деп тим болот. Дагы эмне керек? Акыл-эстери жайында болгон министрлер жаратмандык менен гана алектене турган шарт түзүлдү. Эми ошону эптеп кете алышаар бекен? Кеп мына ушунда!

- Акылбек Жапаров айткан сөзүнө туруп, чындап бюджетти 400 млрд. сомго жеткире алабы?

- Акылбек Жапаровдун колуна эбегейсиз зор аткаруу бийлиги берилди. Ал биринчиден, Министрлер Кабинетин башкарып экономиканын абалына жоопкер болсо, экинчиден эми президенттин админстрациясын жетектеп, президенттин кадрдык, уюштуруучулук маселелерин дагы тейлейт. «Мономахтын калпагынын» канчалык оор болоорун өз башы менен сезет.

Колунан келеби же жокпу убакыт көрсөтөт. Анын эң чоң убадасы быйылкы жана келерки жылдын бюджеттеринин көлөмү болду. Үстүбүздөгү, 2021-жылды 280 млрд. сом менен жабууга убада берди. Муну аткаруу өтө эле оор жумуш. Кантип жабат? Менимче, Акылбек мырза «консолидаризациялашкан бюджет» деген терминди бекеринен көтөргөн жок!

Демек, өлкөбүздүн бюджетине мурда өзүнчө мыйзамдар менен тескелишкен Соцфонддун, ФОМСтун жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун бюджеттери бириктирилип, анан дээрлик бир бүтүн киреше катары жарыяланат окшойт.

Билбейм. Башка кандай дагы киреше жолдор бар? Өндүрүштөн кабар жок. Салыкты кескин көбөйтү социалдык жарылууга алып келет. Эл ансыз деле кыйналып турат!  Ушундай эле абал 2022-жыл үчүн мерчемделген 400 млрддык бюджетке дагы тиешелүү. Кыскасы, кайда барсаң «Мамайдын көрү» болуп турат. Акылбек мырзага ийгилик гана каалоого туура келет! Колдон келсе четке чыга калып сын айтпай жапа тырмак кол кабыш кылалы.

- Баса, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин админстрациясын жетектей баштагандан бери андан чоочулаган пикирлер коомчулукта арбын айтыла баштады. Чындап эле ал президентти алдап кетпейби? Президентте Акылбек Жапаровдун мурун ойлонгонго мүмкүнчүлүгү жетеби?

- Президент Садыр Жапаров Акылбек мырзаны бүгүн эле көрүп отурган жери жок. Көптөн бери эле билет.

Ооба Акылбек иниме көп сындарды тагып жатышат. Эл азыр көрөгөч болуп калды. «Президентти алдап кетет деген түшүнүк элди, өлкөнү алдап кетти»! - деп кабыл алынышы керек.

Ар бир кадамды азыр микроскоп менен гана карап талдай турган шарт орун алды го? Президенттин колунда эбегейсиз бийлик ресурстары - укуктук, фискалдык, идеологиялык жана башка рычагдар турат. 

ММК, граждандык сектор, эл аралык эксперттер, активдүү жарандык позицияны туу туткан мекендештерибиз баары азыр аткаруу бийлигине көз кырын сала башташты. Президент менен Министрлер Кабинетинин төрагасы акыры бир жашыруун аралда жашап жатышкан жери жок го, акыры?

Башка маселе экөө тең кадрларды тандап алуу иштерин түп тамыры менен өзгөртүп, жалаң гана кесипкөй адамдарды жумушка тартуулары абзел. Башка жол жок. Чакырык ташталды.

Анын баасы өтө жогору коюлду. «Элим, жерим»! - деп күйгөн кыргыз жарандары жаш-карысына карабай азыр өлкөдөгү кризистик абалды оңдоп кетүүгө даяр турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости