www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчыларынын, облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана чек ара отрядынын башчыларынын ыкчам жыйыны өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Ыкчам жыйындын негизги максаты — мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурууда УКМКнын чек ара органдарын жана аскерлерин башкаруу боюнча офицерлердин кесипкөйлүгүн жакшыртуу", — деп айтылат маалыматта.

Катышуучулар 2021-жылдагы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ыкчам кырдаалды жана анын 2022-жылга карата өнүгүү тенденцияларын талкуулашат.

"Жыйында башкаруу органдарынын жетекчилери облустук башкармалык башчылары, чек ара отряддарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен биргеликте коюлган тапшырмаларды аткарууда жалпы ыкмаларды иштеп чыгышат. Ошону менен бирге Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, ошондой эле Афганистандагы азыркы аскердик-саясий кырдаалдын, коркунучтардын жана чакырыктардын өзгөрүлгөн түрлөрү эске алынат", — деп белгиледи УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары Нурлан Тыналиев.

Брондолгон оор жана жеңил транспортторду башкаруу боюнча көргөзмө машыгуулар өткөрүлөт. Мындан сырткары, офицерлер куралдын бардык түрүнөн атуу чеберчилигин көрсөтүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости