www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мариповго же бөлөк тың чыкмалардын ичинен Акылбек Жапаров өйдө турарын да танбашыбыз керек», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Жолдош Орозов.
- Жаны өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу же баягылар эле келдиби?
- Мурун сөз кылганыбыздай Мариповдун ордуна президент жакын арада өз тегерегиндеги жакын адамын алмаштырат, бул өкмөт курамы менен отставкага кетет деп оозубузду жыйганча өкмөттү алмаштырды. Жаңы президент жаңы баш мыйзамдын чегинде өкмөттү курамы менен отставкага кетирди. Бирок, сексен пайыз атка минерлер баягылар эле калды.
Албетте, өкмөт алмашкан менен бир нерсе өзгөрөбү, баш баккандык кызматка ким туруш керек эле деген эл ичинде талкуу кызуу жүрүүдө жана талкуу, талаш-тартыш боло турган иш болчу. Бычакка сап кыргыз элинин социалдык абалын, экономикасын, улуттук жан дүйнөсүн түшүнгөн ким бар деген түшүнүк жалпы элди түйшөлтүп келген маселе...
«Жаңы эле келип өзүңдү өзүң билип, капкайдан келген бозгундарды кызматка коё бересиңби, өзүң билсең деле элдин арасынан суурулуп чыккан кадрларга да бийлик беребизби же жокпу?» - деп бир ооз сөз таарыныч кылалы десек, кашайып бычакка сап кадрларды табыш көйгөйгө айлангандыгын жон терибиз менен сезип турбайбызбы кана кимди көрсөтө алабыз?
Ушул суроо өтө жооптуу маселе. Деген менен Акылбек Жапаровдой тың, алчы таасын жеген, такшалган, экономиканы, социалдык маселелерди жана элдин турмушун түшүнгөн кайсы көсөмүбүз бар?
Мен Акылбек Жапаровду ашкере мактап же жактайын деген ойдон алыс адамын, бирок турмуш өзү көрсөткөндөй барыбыз моюндап турган фактыны жаап жашыра албайм. Менимче Мариповго же бөлөк тың чыкмалардын ичинен Акылбек Жапаров өйдө турарын да танбашыбыз керек.
Ооба, Курманбек Бакиевдин тушунда өлкө экономикасына тыштан башкаруу киргизүү же ХИПК темасын да кыйгап өткөн жайыбыз бар.
Чындыгында тышкы күчтөрдүн пландары эбегейсиз чоң жана ырааттуу, кыйды да болгонун «Кумтөр» маселеси менен өз кезегинде Максим Бакиев түздүргөн ЦАРИИден деле байкап, сыдыргыдан өткөрбөдүкпү.
Азыркы тапта бул жагдай башкача түргө өттү. Кыргыз элин кейитип турган тышкы карыздын тутумунда Кытайга болгон карыз биринчи орунга чыкты. «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондор» кандайдыр бир таасир кылып жаткандай туюлган азыркы биздин абалда, «бюджетти 400 миллиард сомго көтөрөм» - деген адамга берүү туура эле болду окшойт.
Убада берүү бир маселе, бирок чабал өкмөттүн тутуму менен жигердүү пландары ишке ашабы бул такыр бөлөк маселе. Бир сөз менен айтканда Садыр жана Акылбек Жапаровдор чабал кадрларды алмаштырып, иш билги кадрларды алып келишмейинче алдыга жылуу кыйын болору айтпаса да түшүнүктүү иш.
Булак: NazarNews.kg