www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Афганистандан келип жаткан экстремисттер биздин "кайберендерге" жаңы дымак берип, "бикфорд шнурунун" ролун ойноп коюсу турган эле иш болуп калды!", - деди бүгүн, 21-августта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, Кыргызстанда дагы халифат курууну көздөгөндөр бар. Алар террористтик уюмдун мүчөлөрү эмеспи?
- Алар исламдан айланып кетишсин! Элди караңгылыкка бөлөй турган саясатты акыркы он жылдагы президенттерибиз катуу жүргүзүп келишти! Алардын максаттары эптеп эле бийликти жана байлыкты кармоо болду! Эми алардын ит саясатынын "жемишин" көрүп баштадык! Алар сепкен "зыяндуу үрөн" тамырлап, жайылды дагы башкаруудан чыгып кетип кыргыз элин биротоло бийлеп кирди! Ушундай кырдаалга кептелген кээ бир макулуктар террористтик жолго оңой эле түшүп кетишет да? Афганистандан келип жаткан экстремисттер биздин "кайберендерге" жаңы дымак берип, "бикфорд шнурунун" ролун ойноп коюсу турган эле иш болуп калды! Аттиң гана дейсиң да! Кана кечээги эле билимдүү кыргыз коому? Эмне мынчалык түркөй болуп, феодализмге кулап бара жатабыз? Албетте Акаев баштаган, анан кийинкилери "ийгиликтүү" уланткан соргок президенттердин кылмыштуу саясаттары күнөлүү!
- Эгер мамлекетте коррупцияны жоюлбаса, адилеттуу башкаруу болбосо элдер радикалдаша баштайт дегенге ишенсек болобу?
- Ооба. Ошондой болуп бара жатат! Элге ишеним берип алдыга жетелей турган патриоттук кадамдар мокоп, эки буттан тең тушалып турат. Дагы баягы жаман адат өкүм сүрүүдө. Колго тийген бийликтен пайдаланып калмай! Президент Садыр Жапаровго колдон, буттан алып колдогондун ордуна кээ бир соргок жана ач көз жакындары байып алуунун камын көрө башташты! Күйүп гана кетесиң да! Президент бир катуу силкинип ошол арамдарды үстүнөн күүп салса жакшы болот эле. Эл президентке ишенип эч кандай "халифаты" жок эле айкөл Манастын осуяты менен татыктуу жашап кетмек! Эми президентке кайрат каалап, жакшылыктан үмүт этип, күдөрүбүздү үзбөй күтүп туралычы! Убакыт көрсөтөт!
Булак: NazarNews.kg