www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Афганистандагы кырдаал боюнча үн катты

Орусия Афганистандагы абалдын турукташуусуна кызыктар. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Биз аталган өлкөдөгү абалдын турукташуусуна кызыктарбыз. Ал жактагы кырдаал, мурда кандай болсо ошондой абалда турат”, - деди Путин Ангела Меркель менен жолуккан учурда.

Талибдердин чоң шаарларды басып алуусу Афганистандагы кырдаалды оорлотту.

Эске салсак, 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Гани отставкасын жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага удаа Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды «Талибан» кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулду. Аба каттамдары да токтогондуктан дипломатиялык аскердик-транспорттук учактар гана каттап, мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Кабулдагы аэропорттон учуп бара жаткан учактан адамдар (2-3 адам) кулаганда тартылган видео тараган. Жыйынтыгында анын бирөөсү фудболчу экендиги белгилүү болду. Учакка батпай калган адамдар анын сыртына чейин жармашып алышкан.

"Талибан"* кыймыл Кыргызстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.

Последние новости