www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  камакта жатып, COVID-19 илдетине чалдыгып, оорунун азабын баштан кечирген Каныбек Осмоналиев менен  адам өмүрүн алган илдеттин кесепети, анын    жайылышы,  өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу пикир алыштык.

-Каныбек агай, Кыргызстан элдин жүрөгүнүн үшүн алган  COVID-19 илдетинен неге мынча жабыркады? Эмнеге башка мамлекеттерге салыштырмалуу  бизде көп өлүм болуп кетти?

-COVID-19 оорусу дүйнөлүк эпидемияга айланып - пандемия категориясына ээ болуп калбадыбы. Бул - бүткүл жер шарынын эли үчүн катаал апаат болду. Ар бир өлкөнүн башына зор сыноо түштү. Алардын мамлекеттик алы, кубаты эмнеге жөндөмү бар экендиги билинди. Анын ичинде биздин Кыргыз өлкөсүнүн дагы өз дарамети эмнеге жарамдуу экендиги айкын көрүнүп калды. Дароо эле айтып коёюн, көп өлкөлөр сыякту Кыргызстан бул айыгышкан согушта өзүнүн өтө эле алсыз экендигин көрсөтүп алды. Расмий статистиканы баары билет. Азыр биз, тилекке каршы, коронавирустун жана пневмониянын  кесепетинен каза болгон жарандарыбыздын ар бир 100 миң адамга салыштырмалуу саны боюнча дүйнө жүзү боюнча  алдыда экенбиз. Бул чоң трагедия! Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 129 адам болсо, анын ичинен өлгөндөрдү 1420 жаран болуптур! Бул эми расмий маалымат.

А чыныгы цифра кандай экендиги белгисиз? Элибиз зор кайгыга батып, аза күтүп, эртеңки күнүнөн чочулап жашап калды. Биздин кошуналарда деле абал ошондой. Өлкөбүздүн чыныгы потенциалын эми гана байкап отурбайбызбы! Башкы себеп, менимче, СССРден калган эң сонун саламаттыкты сактоо системасын толугу менен талкалап алганбыз.

Профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык медицинадан эч нерсе калбаптыр. Кана 30 жылдан бери  ооз көптүрүп мактанып келишкен "Манас", үй-бүлөлүк медицина деген долбоорлордун пайдасы? Мурдагы мамлекеттик медициналык мекемелер кайда? Алар чынында кимдердин колунда? Өкмөт менен перманенттик режимде, карапайым калкка пайдасы тие тургандай болуп иштеп жатышабы? Менимче, андай эмес. Кландык башкаруулар медицина мекемелеринде дагы орун алып кеткендиктери мына коронавирус апаааты чындап жайылганда кашкайып көрүнүп калбадыбы! Айрыкча, фармацевтикалык тармактын толугу менен жеке менчик болуп калганынын азабын эпидемия күчөгөндө көрдүк. Капитализмдин ырайымсыздыгы так ушул жерден сезилди. Аптекалардын айлана-чекесиндеги ажиотаж элди катуу сестентип койду. Карапайым кыргыздар бири-бирине жардам бере баштаганда гана көп нерсе ачыкка чыгып калды.

Эмне үчүн мамлекеттик көзөмөл фармацевтика тармагында ушунчалык бошошуп кеткен? Мен эми дары-дармектерге мамалекеттик монополия киргизүү керек дебей эле коёюн. Бирок бул ой дагы көз карайлаганда баштан кетпей койду! Себеби, баягы эле Кыргызстан үчүн мүнөздүү болуп калган баш-аламан базар экономикасы болуп жатпайбы. Эптеп эле акча жасоонун аракети. Эми ал жөнүндө алдыда дагы көп сөздөр болот го!?

-Бул илдет биздин кенебестигибизден, эрежелерди сактабаганыбыздан  катуу торудубу же шалаакы өкмөттүн кесепетинен эл бөөдө согуштагыдай кырылып калдыбы?

-Айып эки жактан тең болууда. Кыргызда сөз бар эмеспи "керкисинде дагы, кемтигинде дагы айып болду" деген. Таамай айтылган. Covid-19 биз үчүн жаңы жана табияты белгисиз эпидемия болгондугунан, эл ага анча маани бербей, тоготпой жүрүп алды. Элементардык эле сактануу эрежелерине баш ийбей коюшту. Аягы кайгылуу болду. Өкмөттүн аракети көп эле талданып жана адилет дооматтар коюлуп жатат. Чын эле көп жаңылыштыктарды кетиришти. Айрыкча дарылоо технологиясын эффективдүү жолго сала алышпады. Алгылыктуу алгоритм менен дарылоо протоколдору жарамдуу түзүлбөй калды.

Өкмөт болсо, карантин жарыяланган күндөрдү пайдаланып, инфекциялык ооруканаларды куруп, алдын алуу иштерин жасашпады. Вирус менен күрөшүү илен-салаң жүрдү. Жыйынтыгы июлдун башынан бери трагедиялуу болуп көрүнүп турат. Канча адамдардын өмүрү кыйылды. Бул жерде саясат кылып, жагалдангандын өзү адамгерчиликсиздик болуп калат. Акыл-эси соо адам ага барбашы керек. Бирок факт болуп калды. Ооруган адамдардын канчасы ооруканага кире албай жүрүштү.

Мен дагы башыма түшкөн киши катары ачык сездим. Үч күн "Тез жардамды" күттүм. Эки тараптуу өпкө пневманиясы дешкенден кийин төртүнчү күнү гана Бишекектин ооруканаларынан орун таба албай, балдарым Гансиге алып барышты. Кычкылтек дефицитине кабылып, сатурация көрсөткүчүм 33 кө чейин түшүп кетип, өйдө-ылдый "секирип" жатты. Көрөөр күнүм бар экен, Адилет Жумабеков, Кубан аттуу дарыгерлер сактап калышты. Аларга башымды ийип таазим кылам. Мендей кыйналгандар миңдеп саналат. Кээ бирөөлөрү өмүр менен кош айтышты. Анан, албетте, Өкмөттүн уюштуруу иштеринин алсыздыгы боюнча дооматтар болуп келүүдө. Муну туура эле кабыл алып, терикпестен тиешелүү жыйынтык чыгарып, ишти күчөтүүсү абзел. Кичинекей өлкөбүз үчүн аз эле убакыт ичинде 1400 өлүм деген оңой сан эмес! Анализ кылып, кийинки чакырыктарга даяр болуу керек!

-Коомчулукта эртеби, кечпи ар бир өлүмдүн сурагы болот, катачылыкка жол бергени үчүн өкмөт жооп берет деп кесе сүйлөгөндөр да бар. Бирок ошол эле учурда бул балекет илдет Кыргызстанды эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн да айласын кетирип жатат деп соороткондор да бар.  Өлүм көп болгону үчүн кимдир бирөө жазаланышы керекпи же алар апааттын курмандыгы болду деп эскерүү күнү менен жыйынтыкталып, алар тууралуу сөз болбошу керекпи? 

-Адамдын өлүмү өзү чоң трагедия. Эгер ал кырсык, массалык түрдө орун алса, албетте, андан бери чоң кайгы! Анан сурак сөздөр болбой койбойт да. Бизде ошондой болуп жатат. Сөзсүз жооп берүүгө туура келет. Элементардык жол менен уюштуруп коё турган  эле иш-чаралар керек болчу да! Эл эмне үчүн нааразы болууда? Илдеттен сактап калуу аракеттери канааттандыраарлык эмес деп айып коюп жатышат. Муну тоготпой коюу мүмкүн эмес. Анын себебин так аныктап, акыйкат баа берип, экинчи кайталанбай тургандай чараларды көрүү керек. Башка жол жок.

Бюджет жана кредит, грант каржыларынын даректүү коротулушуна эл доомат коюп жатат. Аны дагы башка шылтоолорду токтотуп так жана көзгө сайып, элдин алдында бир тыйынына чейин отчетун берип коюуга ким жолтоо болот? Курулай дооматтар болсо дароо тыйылып калмак. Менимче, өкмөт ушуну тез арада жарыя кылып коюусу керек! Президент элдин мүдөөсүн эске алып, 30-июлду Эскерүү күнү деп жарыялаганы туура болду. Эми тынымсыз түрдө алдын-ала сактануу чараларын уюштурууга өтүшсүн! Бул оору жаман экен. Тоготпой коюу - бул элдин алдында чоң кылмыш менен барабар болот! Баарыбыз жакшы жагыбызга өзгөрөлү. Заман ошону талап кылууда.

-Айтканыңызга ынаналы, бирок Премьер-министр “илдеттин тез жайылып кеткенине эрежени сактабаган эл күнөөлүү” деген пикирин айтты.  Элдин тиешелүү даярдык көрбөгөн өкмөткө нааразычылыгы күч экени айтпасак да белгилүү...

-Күнөөкөрлөр эртеби-кечпи өз жазаларын сөзсүз алышат. Бирок бул башкы маселе эмес. Жазалоонун эле артынан түшүп алганыбыз болбос. Анын себебин ачып көрсөтүп, өткөндөн сабак алалы. Covid-19 бүткүл адам баласына, анын ичинен бизге чоң чакырык таштады. Мурдагыдай жашоо мүмкүн болбой калды. Чукул өзгөрүүлөрдү талап кылууда. Мындай талаптар бүт өлкөлөрдүн алдында турат. Ошондуктан, баарыбыз оорулуу саясий амбицияларыбызды ооздуктап, башыбызды бириктирип, алдыга умтулуубуз зарыл. Жаштарыбыз терең илим-билимге умтулуп, өнөр жайыбызды колго алышы керек. Бийлик болсо кыйынчылыктан качпай, кайра аны утурулап чыгып, кайратмандык менен жеңип чыгууга милдеттүү. Артында ишенген эли турганын ар дайым сезип туруусу абзел. Ошондо баары жайында болот!

-COVID-19 илдети адамдардын өмүрүн эле алып тынбастан, экономикабызды да солгундатты. Эми экономикага, социалдык тармактарга тийгизген кесепеттерин кантип  жоёбуз?

-Март айынын ортосунда өзгөчө абал менен карантин киргизип, өкмөт экономиканы аргасыздан, атайылап токтотту. "Кирешебиз терс болсо дагы, чет элден алган карыздар жана жардамдар менен адамдарыбызды сактап калабыз!" -  дегендей болушту. Бирок бул аракеттеринин пайдалуу аракет коэффциенти өтө эле төмөн болуп калды. Экономика дагы отурду, адамдардын көптөгөн өлүмүнө дагы кириптер болдук. Эки жактан тең утулдук. Аттиң! Териштирүүлөр болот го! Кыйын эле абалга кептелдик. Таң калам? Эмне үчүн чукул чаралар көрүлбөйт? Керек болсо, админстрациялык реформаны, түз эле  кыскартууларды жасап, акчаны үнөмдөө керек эле да. Өкмөт менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы ашыкча кызмат орундары өзгөрүүсүз эле калып кетти. Сырттан келген насыя акчанын 170,8 млн $ республиканын бюджети аркылуу кантип өткөрүлгөнүн ачык чечмелеп беришпейби? Чыгымдын ички структураларын көрсөтүп коюшпайбы? Ашыкча сөздөр дароо басылмак! Ошол донорлор берген акчанын 148,4 млн $ эмне максатта кармап турушат. Керектүү дары-дармектер, медицина жабдыктары убагында алынганда өлүмдөрдүн саны аз болот беле?! Айтор, суроолор көп. Мугалим менен врачтын маянаналары ошол бойдон эле калып кетти!

-Эми Кыргызстан тыштан келген жардамдардын эсебинен жан багабы же абалдан чыгуунун жолу барбы?

-Карыз сурап жашап жүргөнүбүздүн өзү эле түркөйлүк. 30 жылдан бери иштин көзүн жакшы билбей, илең-салаң саясат менен келгенибиздин акыбети ушул. Акыркы 10 жылда өтө эле айласыз жашоого малынып кеттик. Эми буга covid-19 кошумча болду. Элден айланса болот. Чыдамкайлыгына чек жок экен. Бийлик кыргыздын ушул сапатын колдонуп, жаратмандык ишти уюштуруп, бир катуу силкинип алса жакшы болоор эле.

Үмүт менен чыдап күтүп турабыз. Кризистен чыгуунун жолу - бийлик адилет кадр маселесине өтүп, коррупцияны жасалма же тандалма эмес акыйкат ооздуктап, сарамжалдуу башкаруу аппаратын түзүп, ишкерлерди колдоп турса эле эл өзү жапа-тырмак көтөрүп кетмек. Чет элдин жардамынан үмүттөнүп жашоонун түбү элибизди кулдукка алып барат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости