www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов күзүндө боло турчу шайлоо тууралуу ыр чыгарды. 

"Шайлоо" деген шайтан оору каптаган,
Чыр аралаш күндөр келди кайрадан.
Жазда чыккан козу карын өңдөнүп,
Талапкерлер саны чексиз жайнаган.

Алын билбей "алга" деген оңобу,
Төрт кыргызга токсон башчы болобу?
Асмандагы айды алып берүүчү,
Жанга батты ушулардын жомогу.

"Мен болом" деп төшүн уруп каккандар:
Ырчы, чоорчу, темир-тезек саткандар.
Псих больной, албуут катын жана да,
Темир тордун арт жагынан чыккандар.

Булчуңу чоң, билегинде күчү бар,
Айбаты зор, акылы кем балбандар.
Андан дагы, гей парадды башкарып,
Борбор шаарга жылда бүлүк салгандар.

Туура сүйлөп акыйкатты айтпаган,
Мародерлор дагы келди башкадан.
Пиар үчүн катарына алышып,
Дүмбүлдөрдү жетиле элек бышпаган.

Шайлоо деген шайтан оору каптады,
Мандат үчүн аттанышты бүт баары.
Баарынан да батып кетти жаныма,
Саткын Бектур сапар алып чыкканы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости