www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир гана арманым президент мени чакырып туруп, өзүнүн кадрдык ою бар экенин эле айтып койгондо, мен толеранттуу адам катары макул болуп, тынчып калмакмын», - деди бүгүн, 24-июнда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, неге сизге мамлекеттик катчылык кызмат буюрбай калды? Кызмат чечилер күнү Чолпонбек Абыкеев сунушталып кеттиби?
- Эмне үчүн «Мамлекеттик катчы Сизге буюрбай калды?» - деген суроонун өзү нонсенс! Анткени, мен былтыр кышта эле Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары ушул кызматты киргизүү боюнча демилге менен чыккамын! Белдүү окумуштуулар мени колдошуп пленардык жыйында сунуш беришкен. Өтө оор абалда бул кызматты Конституцияга киргизгенбиз. Көптөрү каршы чыгышкан. Эгер мен ал кызматтын кереги жөнүндө какшап айтып отуруп көтөрбөсөм, деги эле эч кимисинин оюна дагы келмек эмес. Бүгүнкүдөй талаш дагы болбойт болчу. Мен бир гана максатты көздөгөмүн. Азыркы ырайымсыз ааламдаштыруу учурунда кыргызды өзүнүн салт-санаасы, үрп-адаты, каада-салты гана сактап калат болчу. Биз ушул багытта күрөшүшүбүз керек эле. Эми болоору болду! Мага насип эмес экен. Бир гана арманым президент мени чакырып туруп, бул кызмат боюнча өзүнүн кадрдык ою бар экенин эле айтып койгондо, мен толеранттуу адам катары макул болуп эле тынчып калмакмын. Бирок, ажо мени такыр кабыл албай койбодубу! Болгону эле ушул! Калганы менин пендечилик (биротоло ишенип алып) эмоциям жана кээ бир сенсация аңдыган журналисттердин эле фантазиялары!
- Сизге, ининизге, жубайыңызга, уулуңузга тымызын куугунтук башталганын айткан элеңиз. Бирок, иниңиз “агам эмнени айтып жатканын түшүнгөн жокмун, баарыбыз эле иштеп жатабыз” деди го...
-Ооба. Бул сөзүмө мен өзүм гана жооп берем. Инимди баары бир губернаторлуктан кетиришти. Мен андан кечирим сурайм. Калпыс иш кылбасам дагы айгак болуп койдум окшойт. Бирок, иним күчтүү адам. Азыркы кызматында деле өзүн көрсөтө алат!
- Эми мындан аркы кадамдарыныз кандай болот? Эмгегимди, тарткан азабымды эске алышкан жок деп капаланып отура бересизби же мамлекетти которууго салым кошосузбу?
- Мамлекеттин өнүгүүсүнө жан дилим менен салым кошуп келгемин жана кошо берем.
- Сизге неге кызмат беришкен жок?
- Коркуп жатышат! Мен өзүм дагы жебейм, тигилерге дагы жедирбейм! Негизги себеп ушул! Тилекке каршы, президентти куурчаган шалтуруктар менен шүдүңгүттөр бийликти толук ээлеп алышты! Мамкатчыга мени жакындатпай коюшкандыктарынын негизги эле себеби ушул!
Булак: NazarNews.kg