www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен саясаттагы айрым жагдайлар боюнча пикир алышты.

- Каныбек агай, коомчулуктун көңүл борборуна алынып, эң эле коррупциялашкан тармак катары таанылган Транспорт жана жолдор министрлигин мурдагы жетекчилери былык иштерине карабай шайлоого аттаныптыр. Буларга мыйзам жол береби же булар мыйзамды уруп ойнобойбу?

- Бул көрүнүш бүгүнкү Кыргызстандын визиттик карточкасы. Биздин анык жүзүбүз, кааласаңар! Азыр коррупционерлер кадимкидей эле элдик баатырларга айланып алышкан. Мыйзамды дагы, элди дагы көзгө илбей калышкан. Бул жерде бир маанилүү нерсени айтып коёюн. Ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү орду. Биздин парламент расмий бийликтин бир бутагы болбой калды. Элдин күзгүсү боло ала турган өкүлчүлүгү деген статустан ажырап калды. Президенттердин күн карама эле органына айланган. Отуз жылдан бери эле ушундай. Күчөгөндөн күчөп бара жатат. Жогорку Кеңешке чыныгы эл өкүлдөрү келбей эле, бул жооптуу орган шылуун, коррупционер, ууру, бандит жана башка социалдык коркунучтуу элементтердин жан коргоо, баш калкалоо борборуна айланды. Муну элдин баары билет. Бирок каршылык кыла албайт. Анча-мынча баш көтөргөндөр түрмөлөргө тыгыла баштады! Куугунтуктап жүрүшөт. Бул аянычтуу абал, айрыкча, шайлоо менен кошо катуу күчөдү. Транспорт министрлигиндеги коррупцияны президент өзү деле Коргоо Кеңешинин отурумунда ачык айтып, министрин кууп чыкпадыбы беле? Эмне үчүн ал эргул азыр кайра депутат болом деп жатат? Демек, керектүү органдар менен өз ара тил табышышкан да? Башка кандай ой болушу мүмкүн? Президентти ушинтип алдап жатышат. Бул жерде экиленбей эле ачык айтуубуз керек? Коррупцияга каршы минтип күрөшкөндүн ордуна жөн эле отургандары оң!

- Чуулгандуу ишке аралашкан министрлер кара жанын коргоо үчүн мандат алууга ашыгып жатышабы же элди тоготпогону үчүн издөөдө жүргөнүнө карабай шайлоого катышып жатабы?

- Бизде бийлик системасы ушундай түзүлүп калган. Муну түп-тамырынан бери кыркып өзгөртмөйүнчө эч ким алгылыктуу оңдой албайт. Президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы. Анан албетте, кадр маселесин катуу өзгөртүү керек! Антпесе мандатты жөн гана өзүнүн оорукчан амбициясын канааттандыруу үчүн эле сатып алып жатышат. Көпчүлүк олигархтарга депутаттык мандат базардагы буюм катары эле болуп калды.

- “50 миң сом сүйүнчү пул бергени үчүн Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилиш керек, ал каражат пара бергенге барабар” дегендер чыкты. Бирок БШК ага жан тарткандай чечим чыгарды го...

- БШКнын жогорудагыдай чечимин мен алдын-ала эле күтүп жаткам. Эми элдин көзүнчө тек гана бир актылуу пьесаны аткарып коюшту да! Спикердин жасаган калпыстык ишине түшүндүрмө беребиз деп ЖКнын аппараты бир күндө позициясын эки жолу алмаштырып отурса, анан кайсы адилеттүүлүктү айтасың? 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм дегендерге спикер катышкан осол иш эң эле сонун материал болуп бере алат. Эл толкуп туруп алса, БШКнын бул калпыс чечими чоң жаңжалдардын булагына айланып кетиши мүмкүн! Цивилизациялуу өлкөлөрдө спикери өзү эле арызын жазып кетет болчу! А бизде болсо боло берет. Тескерисинче, төрагабыз кошумча PR-акцияга ээ болду! Биз ушундай элбиз, өзү! Демек, баарыбызга убал жок! Ушинтип, бирибиздин азабын экинчибиз тартып, башка элдерге жем болуп келүүдөбүз!

- Баса, акыркы мезгилде баарына каршы добуш бериш керек дегендер көбөйө баштады. Баарына каршы добуш берилсе кайра шайлоо болобу?

- Азыркы шайлоодо "Баарына каршы" деген кыймыл жана ураандар абдан актуалдуу боло баштады. Муну алдын-ала эле айтып келгенбиз. Анткени протесттик маанайлар акыркы бир эле айда карапайым элдин ичинде геометриялык прогрессия менен өсүп кетти! Демек, 4-октябрдагы шайлоодо ар кандай чукул бурулуштарды күтсө болот. Элдин күчкө салып чечкен аракетин күтпөй эле коюу керек. Азыр акылдуу калайык андай жолго барбайт. 2005- жана 2010-жылдардагы кандуу төңкөрүштөрдөн жадады. Эми "Баарына каршы" болсо, бийлик партиялары утат деген жалган "арифметикаларга" өтүп алышыптыр! Мен алардын жан талашкандарын деле түшүнүп турам. Анткени көпчүлүк партиялар бүгүн эбегейсиз көп сандагы акчаларды чачып жиберишти. Эми алар аны кайрып алуу үчүн согуштан дагы кайра тартышпайт. Мына ушул чоң трагедия! Бирок алар  бир нерсени эске албай жатышат. Менимче, "Баарына каршы" добушу утуп кетсе, анда эл үчүн кайра шайлоо деле актуалдуулугун дароо  жоготот. Калк андан ары барат дагы өлкөнүн өзүнүн бийлик системасын өзгөртүү талаптарын коёт. Азыркы чирип калган иерархиянын жаңы конструкциясын талап кылууга өтөт. Ушунун баары катуу тирешүү менен орун алуусу мүмкүн. Ошондуктан бийлик дагы, башкалары дагы конструктивдүү диалогдорго барып, жаатташпай чогуу аракеттерин уюштурушпаса болбойт. Азыр кара күчкө ыкташса, аягы эң жаман бүтүп калышы мүмкүн!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости