www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Буга карата Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү» деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция уюштурду.

Комиссиянын басма сөз кызматы иш-чара кырдаалга байланыштуу онлайн режимде уюштурулганын билдирди. Ага Кыргыз билим берүү академиясынын, Казакстан Республикасынын Н.Назарбаев университетинин, Венгриядагы Паннония университетинин, Түркия Республикасынын Ардахан университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин өкүлдөрү жана башкалар катышкан.

Жалпы 350дөн ашуун адам катышкан конференциянын аягында резолюциянын долбоору кабыл алынды. Ал эми модераторлук кызматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев аткарган.

Онлайн иш-чарада Президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Ошондой эле:

  • Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомамбетов («Санариптик билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы»);
  • Казакстандагы Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөнкул Шаматов («ЖОЖдордо онлайн окуу: Мүмкүнчүлүктөр жана мүчүлүштүктөр»);
  • Түркиядагы Ардахан университетинин коомдук илимдер жана адабият факультетинин доценти, доктор Майрамбек Орозобаев («Кыргыз тилин өнүктүрүүдө түрк тилинин тажрыйбаларынан пайдалануу»);
  • Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу, Эркин өнөр жана илимдер факультетинин деканы Данияр Карабаев («БААУда кыргыз тилин заманбап усулдар аркылуу окутуунун тажрыйбалары»);
  • Венгриядагы Паннония университетинде тил саясатын изилдөөчү Аскар Мамбеталиев («Пост-совет өлкөлөрүндөгү тил саясатынын негизги маселелери»);
  • «Улут Софт» коомдук уюмунун жетекчиси Мирбек Океновго («Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын долбоору: Технологиянын кыргызчасы») баяндама үчүн сөз берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости