www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Жыйындын алкагында, Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзөлгөндүгүн, ЖМК, интернет ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатканын билдирди.

Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКдагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган. 18 факт боюнча кылмыш иши козголуп, 8 факт боюнча Жоруктар жөнүндө кодексинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө Конституция менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын кыйшаюсуз камсыз кылуу зарыл экенине токтолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости