www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор, качан болсо калыс пикирин айткан Каныбек Осмоналиев менен президенттин “активисттерди кечирим суратып, коргоого алганга муктаж эмесмин” деген пикири боюнча баарлаштык.
-Каныбек агай, президент өзүн сындаган активисттерди кечирим суратып, коргоого алганга муктаж эмес экенин айтты. Андай болсо эмнеге укук коргоо органдары президентти сындагандарды кечирим суратып жатышат?
-Өзү мындай кадам же жышаан жакшы эмес! Президент баарына бирдей мамиле кылуусу милдеттик шарт! Ар кандай адамдар бар. Бири жойпуланып, президентти мактап, чындыкты бурмалап, анан анын башына оордук түшсө дароо сатып кетет. Андайлар байлык жана бийлик үчүн кимди болбосун каралап, сатып көнүп калышкан. Акыркы 10 жылда бул ыплас адат күчөдү. Ал эми экинчиси болсо, чындыкты бетке тайманбай айтат, ачык бадырайтып жазат. Коркпойт. Анткени, ал чындык менен жалганды ажырата билет. Эч нерсе уурдаган эмес, жупуну жашайт. Арты таза. Элин-жерин чексиз сүйөт. Кыргыз элим деп күйүп-жанып турат. Президент дал ошондой патриот жана чынчыл жарандарына таянып иш кылса туура болот. Адилетсиз эле кечирим суратуу же камап коюу деген - бул зордук кылуу! Ал Куранда дагы, коомдук моралда дагы туура эмес адат катары сындалат! Президентти сындоодо баарыбыз адилеттүү болгонубуз дагы маанилүү. Эгер андай болсо, өлкөнүн иши алга жылат. Пикирлердин ар-түрдүүлүгүнөн коркпоо керек! Анын зыяны жок. Акыл калчап, алардын ичинен пайдалуу варианттарын алып, элге ак кызмат кылууга эмнеге болбосун. Мен кошумчалаар элем. Президент бетке айтып сындаган кишиден эмес, жанында тымпыйып жүрүп алып, мактап, анан ыңгайы келгенде сатып кеткен шүмшүк-шумпайлардан этият болсун! Күч органдары "бөрк ал десе, башын кошо кесип келүү" оорусунан айрылбай коюшту! Президент аны билип, талдап, өтө аша чапкандарын катуу жазалап койсо эле, тынчып калышат болчу! Адам тагдыры менен ойношпосун, да!
-Кечирим суроо маселе чечилеби же ого бетер эл арасындагы нааразычылыкты күчөтөбү?
-Кечирим суроо - бул чоң эрдик, жакшы сапат. Илгертен бери эле "Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч!"-деген макал жашап келет. Бирок, кечирим суроо ошол адамдын абийири, ар-намысы менен коштолгон жана ички сезимден чын-дили менен чыга турган түшүнүк, керек болсо зор философиялык категория деп билүүбүз абзел. Анан мажбурлоо жолу менен кечирим суратуу кандай болуп калат? Албетте, бул фарс, жийиркеничтүү көрүнүш. Андай кечирим суроодон айыпкер дагы, айыптоочу дагы канааттануу алышпайт. Экөөнүн тең котур таштары коюндарында кала берет. Бул жасалма эле эл көзүн будамайлоо болуп саналат! Президент өзү айтпадыбы "мен андай колдоолорго муктаж эмесмин!" -деп. Туура айтты. Ортодогу эле жасакер, кыянатчыл адамдардын оюну болуп жатат! Ошондуктан, кээ бир адамдардын "кечирим сурагандарын" коом адекваттуу эле кабыл алып, түшүнүп турат!
-Айтканыңызга ынаналы, айрымдар кечирим суратууну ээн ооздорго жоопкерчиликти сездирүү катары көрүшөт го. Ошондо кечирим суратуу президентти сынга алгандарды азайтуунун ыкмасы болуп калбайбы?
-Өзү бирөөгө доомат артып, өтө аша чаап кеткен же болбосо далили жок асылууларды колдонгон адамдарды мыйзам чегинде тыюу керек! Ээн ооздонгондор - булар эч кандай тарбия көрбөгөн, көөдөнү сокур пенделер. Аларды чечкиндүү түрдө эле мыйзамды сактап ордуна коюп коюу шарт! Бирок, кылдат кароо абзел! Президентке конструктивдүү сын айткандарды деле болбогон бир шылтоолор менен куугунтуктап же камап коюп жатышпайбы! Алар менен ачык сүйлөшүп, ал турсун курч дебаттарга чакырып, ордуна коюп коюуга эмне үчүн болбосун! Чыныгы демократиянын бир элементи ушул да? Сынга алган жарандарды дагы угуп, алардын оң жактарын пайдаланышса, бийликке, биринчи кезекте элге жакшы болмок! Бирок, ортодогу бузукулар президентти, премьерди ыңгайсыз абалга такап коюшуп, өздөрү четке чыга качышып, тамашалап-такмазаланып жүрүшөт! Мындай жол менен кете беришсе сынга алгандардын же оппозиционерлердин саны ого бетер өсөт! Абал чыңалат!
-Атамбаевдин мезгилинде дагы Башкы прокурор президенттин ар-намысын коргоп, президентти сындагандарды жазага тартууга аракет кылып, кылмыш ишин козгошчу. Ал нерсе Атамбаевдин кадырын көтөргөнбү же ого бетер түшүргөнбү?
-Менин эсимде, ал турсун кээ бир жасакер депутаттар Жогорку Кеңештин трибунасынан УКМКга кайрылышып, президент Атамбаевдин намысын коргомуш болушкан. Натыйжада, бир нече таза, элге күйгөн, чындыкты ачык айткан саясатчылар камалышып, куугунтукталышып, кордук көрүштү. Аягы эмне болду? Атамбаевдин бедели өтө төмөн түшүп кетти. Элге шылдың болгон сапаттары күчөп айтыла баштады. Бийликке болгон ишеним мурда болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Анын азабы болуп элдин жашоосуна, экономикага терс таасирлерин берди! Ушулардын баарысы ээнооз, жасакер-митайымдардын азабынан болду. Бүгүн болсо, тагдырдын жазмышы менен ошол Атамбаев өзү камакта отурат. Баягы "ура" деп аны коргогон патриоттор жашырынып калышты. Атамбаевдин үй-бүлөсү менен бир эки эле саясатчылар колдоп жүрүшөт. Бул жийиркеничтүү көрүнүш, тилекке каршы, биздин кыргыз коомчулугу үчүн кадыресе эле көнмүш адат болуп калды, тообо! Биздин чоң трагедиябыз ушунда. Ошондуктан коом бузулуп, адамдарыбыздын кээ бирөөлөрү муну максатка жетүүдөгү курал катары колдонууга өтүштү. Аларга жаштарыбыздын дагы басымдуу көпчүлүгү өтүп алышканы өкүнүчтүү. Мындай ыпластыкты биз, карыялар айтпай ким айтат? "Сөз чынынан бузулбайт!"-деген кеп бар. Бийликтегилер ушуга көңүл бурушса жакшы болот болчу.
Булак: NazarNews.kg