www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Сонунбүбү Кадырова менен Атамбаевдин 11 жылга кесилиши жана жоопкерчиликтен жеңил кутулгандар боюнча пикир алыштык.
-Сонунбүбү эже, сот Батукаевди мыйзамсыз чыгарган деген Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарды. Адилеттүү эле чечим болдубу же сот аша чаап кеттиби?
-Негизи мындай иштер ыкчам, ысыгында суралып, агы ак, көгү көк болуп турганы жакшы эле. Себеби, маалыматтын баары унутула элек болгондуктан күбөлөр туура маалымат берет, сатылып кеткенге үлгүрбөй калат.
Ал эми Атамбаевдин Батукаевди мыйзамсыз бошоткону боюнча он бир жылга кетиши туура болсо болгондур. Анткени, бул адамдын колунда азыр бийлик жок болгону менен кезинде мамлекеттин биринчи душманындай эле иштерге жол берген. Бирок, бул иш жалгыз эле адамдын колунан келбейт да. Батукаевдин ишине аралашкандардын баары ачык сотто соттолуш керек эле. Ошол ишти уюштургандардын башында турган Шамил Атахановдун жана кызыл килем менен узаткан Зарылбек Рысалиевдин айып пул менен жоопкерчиликтен кутулуп жатканы, соттун ачык болбогону да көп күмөн ойлорду жаратат.
"Элдин алдында ачык сот кылып туруп камап жиберген"- деген сөздү апамдан көп угар элем. Ойлоп көрсөм ошо учур да бир доордон, экинчи доорго өткөн кыйын күндөр экен. Келген бийлик ошондой иштери менен элдин ишеничин алып, моюн сундурган экен.
-Эгер Батукаевдин иш эл аралык аренада Кыргызстандын кадырын кетирген иш болсо, неге көпчүлүгүн айып пул менен бошотуп коюшту?
-Менимче, Батукаевди чыгарууну уюштурган Шамил Атаханов жана кызыл килем менен узаткан Зарылбек Рысалиевдер керектүү маалыматтарды берип, сатышса керек. Аларды оңой кутултпай эле тескерисинче жазаны көбүрөөк беришсе болмок. Анткени, саткандар жазаны көбүрөөк алышы керек. Себеби, бирөөнү саткын адам сага дос болуп жарытпайт. Кези келгенде сени да сатат. Ошон үчүн саткындарды жоопкерчиликтен айып пул менен кутултпаш керек.
-Аида Салянова неге соттун чечими чыга баштаганда тергөө менен кызматташууну токттоотту?
-Аида Салянова өтө билимдүү, өз ишин жакшы билген адис. Соттордун билимсиздиги, суроолордун сабатсыз берилиши кыжырын келтиргендир. Же, болбосо эл билбеген дагы бир жагдайга жан кире баштагандыр. Ошон үчүн тергөө менен кызматташууну токтотуп, адилеттүү чечим чыгарышын талап кылып жатса керек.
Булак: NazarNews.kg