www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Каныбек агай, акыркы мезгилде БШКны байма-бай сындап калдыңыз? Алардын иш аракети купулуңузга толбой жатабы?

- БШК өзүнүн статусу боюнча ар кандай шайлоодо мыйзамды биринчи орунга коюп, таза шайлоо уюштурууга милдеттүү болгон мамлекеттик орган. Элдин маңдай тери менен топтолгон акчанын эсебинен түзүлгөн. Бирок, ушундай маанилүү органды Акаевдин заманынан бери эле баардык президенттер менчиктеп алышкан. Ошол эле Акаев, анан Бакиев шайлоолорду өзүлөрү каалагандай өткөрүп алып анын муратына жетиштиби? Эл кууп чыгып, азыр чет жакта тентип жүрүшөт! Анан БШК менен байланышкан жийиркеничтүү ыкманы Отунбаева абдан митайымдык менен колдонду. Кансырап турган элди Убактылуу өкмөт БШК аркылуу өзүлөрү каалагандай максатта "майкандашты". Жыйынтыгын өзүлөрү эле көрүштү. Анан Атамбаев келди. Ал болсо баардык адамгерчиликтүү түшүнүктөргө түкүрүп коюп, БШКны "өзүнүн колуктусу" кылып алды. Ал турсун мыйзамсыз жол менен Конституцияга өзгөртүү кийирип жиберди. Жыйынтыгы эмне болду? Түрмөдө отурат. Эми азыркы бийликке кезек келип, алар дагы мурунку тырмоочту баса баштады. БШКнын кечээги кээ бир шаарларда жана райондордо адамдарды кошумча каттай баштаган айбанчылыгы боюнча үн катып мыйзамды сактоонун ордуна ал алешемдикти наадандык кылып бийликке жагынган келжирек сөздөрдү КТРК аркылуу бере баштады! Анан менин БШКнын ушундай акмакчылыгына кандай ичим чыгат? Элди так ушул азыркы БШКнын мүчөлөрү катыра шорлоткону калышты. Таң каласың! Өткөндөн сабак алышпайт экен да. БШКнын мурдагы төрагаларынын тагдырлары кандай болгонун эл көрүп эле турат го? Ошондуктан мен ичимдеги ачуу сезимге жетеленип президентке кайрылып жибердим. “Мага ишенип бериңизчи БШКны”- деп. Анткени, БШК калыс ишти жасаса гана эл парламентти дагы, президентти дагы сыйлайт. Президенттин күчкө салып күздөгү ЖКнын шайлоосун өзүм каалагандай өткөрүп алам деген оюу болсо, бул абдан акылсыздык же көпкөндүк!

- Таза шайлоо өткөрүү жоопкерчилигин БШКга гана жүктөшүбүз керекпи же бийликтен да талап кылышыбыз керекпи?

- Албетте, бул өтө милдетүү вазийпа мыйзам боюнча БШКга жүктөлүп турат. Бирок, тилекке, каршы анын жарыбагыр көпчүлүк мүчөлөрү президентке кызмат кылсам эле болду деген сокур сезим менен жашап жүрүшөт. Ошол чыккынчылык жана жагымпоздук аракеттери менен биринчи иретте президентти жарга түртүп башташты. Элдин үнү аларга бир тыйын. Эртең эле эл көтөрүлүп бийликти кезектеги эле ыкма менен кууп чыкса БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү колун ушалап, маашырканып отуруп калышат. Анан кийинки бийликке дагы арам кызмат кылууга белсенип киришет. Мына ушул азыркы БШКнын абалы менен аброю. Саясий партиялар канча адал иштеп, элдин ишеничине ээ болуп келсе дагы БШК кнопканы бир басып коюп эле бийлик каалаган жыйынтыкты чыгарып салат! Мен эмне жомокту айтып жатамбы? Ушундай эле болуп келген да? Азыркы бийлик мурдагы жаман адаттарды четке кагып БШКны калыстык менен иштөөсүнө шарт түзсө элдин алдында жүзү болуп, кийин эл аралап жашайт. Андай кылбаса тагдырлары мурункулардан дагы жаман болот.

- Азыркы БШКнын курамы сиз айтып жаткан, таза шайлоону өткөрүүнү камсыздай алашабы?

- Жок, колунан келбейт. БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү 2015 жана 2017-жылдары эле катуу булганып алышкан. Аларга элдин ишеними нөл. Президент ар кимдин арам оюна жетеленбей, БШКны тезинен таратып, ЖК менен биргеликте башкадан түзүшү керек. Андай кылбаса күздөгү парламенттик шайлоону эл тааныбай коёт. Анын арты эмне болоорун 2005 менен 2010-жылкы төңкөрүштөр айгинеледи го?

- Эгер жогору жактагылдар социалдык тармактагы пикириңизди эске алып, сизди БШКны жетектетип койсо ишти неден баштайт элеңиз?

- Эми бул жомок да. Мен айлам куруганда мукурап Фейсбукка жаздым да. Аны ким угат? Президентпи, ЖК менен өкмөтпү? Бирок, комментарийлердин 90% түшүнүү менен кабыл алышууда. Эгер мага ишним болсо, БШКнын мүчөлөрүнө ачык эле айтмакмын: “сатылбагыла” деп. БШКнын ар бир отурумун ТВдан түз көрсөттүрүп, жыйынтыгын эл көрө турган кылып бермекмин. Президент дагы колдой турган кылып, ал кишиге ачык жеткирмекмин! Эми бул кыялым реалдуу турмуштан алыс го? Бирок, аткарса болот. Биринчи кезекте өзүң таза болушуң керек. Ошондо гана эл ишенет. Президент менен парламент ишенимдүү иштешет эле!

- Неге азыркы бийлик Садыр Жапаровго келгенде ташбоордук кылып жатат? Агасын каралоо операциясы жанданып, эжесине издөө жарыялашты го?

- Мен өмүр бою илим жана билим берүү жаатында эмгектенип келем. Бул чоң тажрыйба. Өзүңчө эле күчтүү психолог болуп каласың. Ар кандай кырдаалды баамдап жүрөсүң. Бирок, менин мээм бир нерсеге жетпей келет. Эмне үчүн Садыр Жапаров - азамат иним кордолуп жатат? Анын негизги күнөөсү эмнеде? Бирөөңү өлтүрдүбү же өлкөгө чыккынчылык кылдыбы? Атасынын, энесинин, анан, эң кайгылуусу чырактай баласынын өлүмдөрүн түрмөдө жатып көрдү! Биз эмне ушунчалык эле жырткыч болуп кеттикпи? Садыр түрмөдөн чыкса кимге жаман болоорун баарыбыз билип калдык. Бирок, Президент мырза аны ыйгарым менен эле чыгарып коюп, сот ишиндеги адилетсиз алешемдиктерди териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериши керек эле да! Акыры баарыбыз эле адамбыз го? Эми кайдагы бир илгерки ишти көтөрүп, эжесине издөө жарыялагандыктары күлкүнү гана келтирип жатат жана элдин кыжыры андан бетер күчөөтүдө. Президент эмнеге чечкиндүү болбой жатат, түшүнүксүз? Мен билгенден Президент менен Садыр иним мурда ага - ини болуп эле катташып жүрчү. Же чын эле канадалыктар баш болгон "Кумтөрдүн" чет элдик акционелери кырдаалды бийлеп турушабы? Эгер андай болсо, кыргызымдын шору көп экен! Ар түрдүү жаман ойлор элге ушинтип эле сиңип жатпайбы?!

- Өкмөттөгү өзгөрүүлөр шайлоого чейин иштеп туралы деген аракетпи?

- Өкмөттү каалагандай калчаган адатты Акаев баштаган. Анын артынан Бакиев, Отунбаева, анан, айрыкча, Атамбаевдер укмуш чардашты го! Ошол эле жаман адат уланып келүүдө. Шайлоо менен ойношкон тиги экөө тентип, элге келе албай жүрүшөт. Отунбаева боюнча элдин жыйнтыгы бир аздан кийин чыгат. Аз калды. Атамбаев кутуруп кетип түрмөдө отурат. Эми Сооронбай иниме жакшылык тилеп отурам. Агасы катары адилет жана ачуу айткан пикиримди укса жакшы болот эле.

- Шайлоонун шарапы айымдарды арзан пиар кылдырып, Ош базардан манты жедирди го? Эл көп жүргөн жерден манты жесе эле эл 5 жыл бою Сулайманов биз менен болот экен деп кабыл алышы керекпи?

- Эми кээ бир саясатчылардын акылы ошого жетет экен да. Баарынан өкүнүчтүүсү элди ушинтип алдап өз максаттарына жетип келишүүсүндө. Кээде мындай элге убал жок деп дагы Кудайдын алдында күнөөкөр болуп кетем. Отуз жылдан бери кээ бир шылуун депуттар менен министрлер эмне сага жакшылык кылды? Өлкөнү куурчактай кылып жасап коё турган уул-кыздарыбыз жашоонун айынан чет элде өлбөстүн күнүн кечирип жүрөт го? Канчасынын өлүгү келип жатат! Мектепчи? Бул өзүнчө маселе. Мен ал жөнүндө какшап эле айтып келем. Окуучулардын өзүн өлтүргөнү эмне деген шумдук?! 2018-жылы окуучулардан 88 суицид болсо, 2019- жылы 46 өлүм болуптур! Бул биздин саясатчылырдын абийиринде! Баарыбыз жооп беришибиз керек! Анан дагы шайлоо кезеги келгенде дубанага окшоп базарларды кыдырып башташты!

- Мурун КСДП менен депутат болгондор азыркы бийликтин чачпагын көтөрүп, бийликчил партияга кирип алса, аларды эл колдойбу?

- КСДП - кыргыз элинин тарыхындагы чоң трагедия. Саясий шылуундуктун эң көрүнүктүү үлгүсү. Социалдемократтардын дүйнөлүк стандарты бар. Ал эң сонун феномен! Бирок, Атамбаев баш болгон шылуундар бул баалуулуктарды өзүлөрүнүн пендечилик максаттарына куп эле колдонушту! Өлкөнү талап-тоноп алышты. Анан биз элитабыз, силер томояксыңар дешип кутуруп кетишти. Азыр ошол эле салпаяктар башка партияга кирип алышып элди алдап жатышат. Шоркелде элим болсо аларды дагы деле сүйүп өзүнүн адамдык укугун шылуундарга бергени турат! Болгону ушул!

- “Баткен биздин жер” деген тажик генералынын сөзү эмнеден кабар берет. Тажиктер генералдын оозу менен айттырып, кыргыздардын реакциясын байкайлы деген саясат жасап жатышкан жокпу?

- Биздин тарыхчылар бийликке келген эле президенттерди даңазалай берип, өзүдөрү тарых деген ыйык илимди тебелеп салышты. Абийирсиздик менен бурмалашты. Биздин кошуналар мындай иттигибизди тыкыр байкап турушат да. Канча байыркы эл болсок дагы жагымпоз "окумуштуу болумуштардын" псевдочыгармаларын окуп көрүшүп, болгон дараметибизди сезип коюшту. Ошондуктан, тажиктердин дөөпөрөс генералы аркылуу расмий Дүйшөмбү өзүнүн купуя сырын айттырып салды. Биздин акчадан башканы ойлобогон "азаматтарыбыз" жем жеп аткан акырынан бир аз башын көтөрүп, ТИМ аркылуу доомат билдиримиш болду дагы кайрадан акырды көздөй башын тыгып алды. "Көзүм көрбөсүн, көтүмү бөрү жей берсин!" - деди! Мен мындай ачуу, бирок калыс сөздөрдүмдү аксакал катары ачык айтып коюшум милдет!

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости