www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев өткөн жылдын башталышынан тартып, массалык тополоңдорду уюштуруп, анын аркасы менен бийликти басып алууну пландаштырып, ал максатта ачык да, көбүнчө тымызын аракеттенип келгендиги азыр ырасталууда. Ал өзүнүн деструктивдүү иштерин баштагандан тартып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен бирге Равшан Жээнбеков да кошо жүргөндүгүн, “Форумда”, Кой-Ташта уюштурулган митингдерде кычаштырган мүнөздө бир нече жолу сүйлөгөндүгүн жакшы билебиз. Ал ЖМКларга берген интервьюларында катуу кетпей, көбүнчө кыйыр чакырыктарды жасаган менен АША жана анын айланасындагылар менен калганда эмнелерди сүйлөшкөндүгүн, аларды кандай иштерге чакыргандыгын билчү эмеспиз. Бирок, “кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет” деген чын экен, анын “Кой-Таш республикасынын жетекчилери” менен массалык башаламандыктарды уюштуруп, бийликти басып алууну эңсегендер менен бир тилде болуп, 7-8-августтагы тополоңдорго өз салымын кошкондугу тергеп, тескөө иштеринин жүрүшүндө ачыкка чыгып, далилдене баштады. Ар кимге өзүнүн жаны кымбат, жебеген самсыга эч кимдин пул төлөгүсү келбейт. Анын сыңарындай, кармалгандар эгерде чындыкты айтышпаса, “дөңгөлөктөрдүн” баары өздөрүнүн моюндарына илинип калаарын түшүнүшкөндөн кийин чыныгы шыктандырып, көкүтүүчүлөр кимдер болгондугун ачыкка чыгарышууда. Алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде Равшан Жээнбеков өткөн жылдын аягында убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери ал СИЗОнун тартибин бузуп, кызматкерлерине ар кандай “өнөрлөрдү” көрсөтүү менен гана чектелбестен азыркы бийликти алынын жетишинче шыбап атат. Мындай оор беренелер менен айыпталып жаткандан кийин баары бир камаламын, андан көрө алым жетишинче жаман көргөндөрүмдү шыбап алайын дегенге өттү окшойт. Ал жакында ишкерлерге жасаган кайрылуусунда “Түрмөлөр көп жагынан ишкерлердин өкүлдөрүнө толгондугун акыры президент Жээнбеков түшүндү. Бирок президент Кыргызстандын экономикасы кандай туңгуюкка кулап бараткандыгын билерине ишенбейм” дегенди таркатты. Кыргызда “жаман көргөндүн бөркү да казанбактай көрүнөт” деген сөз бар. Анын сыңарындай, Равшан Бабырбекович камалгандыгына ызасы ашкан ич күйдүлүктүн комплексинен улам мында өтө эле апыртып жибергендигин көрүп турасыздар. Ал кайдагы түрмөлөр толгон ишкерлер жөнүндө айтып жаткандыгын, ачыгын айтканда, түшүнбөдүк. Эгерде ал Бишкек ЖЭБин, Улуттук тарых музейинин имаратын оңдоп түздөөдөгү, Бишкектеги айрым мектептерди, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы уурдап, тоноолорго аралашкандарды, пара алып жатышканда кармалышкандарды ишкерлер деп эсептей турган болсо, анда андай ”ишкерлердин” бирин калтырбай кармап, СИЗОлорго эмес, түптүз түрмөлөргө тыгуу керек. Алар үчүн жаңы түрмөлөрдү курса да ашыкча болбойт. Кайсыл бир кинодо айтылгандай, “Вор должен сидеть в тюрьме!” Ал репрессия, куугунтук эмес, адилеттүү мыйзамдык талап. Эмне үчүн Кыргызстанды алдары жетишинче талап-тоноп, экономикасын, социалдык тармагын, маданиятын кыйратып, өнүктүрүп өстүрбөй жаткандар эркиндикте бизге акыл үйрөтүп жүрүшү керек? Бир кезде Союздук 15 республиканын ичинде экономикалык, социалдык абалы, маданияты боюнча дайыма 8-9-орундарда жүргөн өлкөбүздүн азыр эң акыркы орунду бекем ээлеп калуусуна күнөөкөрлөр ошолор. Аларга эл душмандарындай гана мамиле болуусу керек. Антмейинче оңолбойбуз, кризистен чыкпайбыз. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү жөнүндө айтпай эле коёлу, жакынкы жылдарда кошуналарыбызга да теңеле албайбыз. Ал эми “Кыргызстандын экономикасы туңгуюкка кулап бараткандыгы” жөнүндө аныктамасына келе турган болсок, республикабыздын экономикасы акыркы эки жылда чындап жандана баштагандыгын сокур деле көрүп турат. Өнүгүү болбосо, айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар эмненин эсебинен көбөйтүлмөк? Ооба, өнүгүү бар, бирок отуз жылдан берки кризистик көрүнүштөрдүн кесепеттери ушунчалык оор жана терең болгондуктан алардан биротоло суурулуп чыгып кетүү биз үчүн аябагандай кыйынга турууда. Кыргызстанды мына ушундай абалга жеткиргендердин бири - азыр СИЗОдо жатып алып, демократия жана адам укуктары, калыстык, мыйзамдуулук жөнүндө байма бай интервьюларды берип, кайрылууларды жасап жаткан Равшан Жээнбеков. Ал эми Равшан Жээнбеков деген өзү ким? Кекиликтей өз атын чакырууда Равшан Жээнбековду гана эмес, анын үй бүлө мүчөлөрүн көп жылдардан бери жердеш, анча-мынча алыш-бериш да кылып жүргөн адам катарында эң жакшы билген, өзүнүн макалаларында жана китептеринде чын сөздү дайыма чыңырта айткан Сазыкбай Турдумалиев төмөндөгүлөрдү айтыптыр: “Аскар Акаевдин жанында жүрүп жардан түрткөндөр же тагыраагы терс каармандар: адабиятчы Осмонакун, аялы Майрам, кызы Бермет, баласы Айдар, анын досу Равшан. Мына ушулар Аскар Акаевди жолдон чыгарып, мээсин тегеретип, мамлекеттик мүлктөрдүн баарын сатып... анын качканына чоң салым кошкондор ушулар болду... мен муну сотто да, башка жерде да далилдей алам”. Андан ары ал “Ата Жээнбеков бийликке каршы күрөшүн эмне үчүн бала Жээнбеков мамлекеттик мүлктөрдү оң-тетири сатып жатканда баштаган эмес?” ( С.Турдумалиев, “Чамындылар”, Б., 2016 ж., “Турар”, 33-34бб.) деген суроо коюптур. Биз ал суроого жооп берейин деген оюбуз жок, биз бул жерде бала Равшан Жээнбеков республиканын Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турган 2000-2002-жылдардын ичинде кантип мульт миллионерге айлангандыгын гана окурмандардын эстерине сала кеткибиз келет. Жээнбековдун эки жылда топтогон байлыктары: Ооз ачса эле “адилеттик, калыстык, демократия жана адам укуктары, мыйзамдуулук “ жөнүндө сайрап келаткан бул адамдын өзү же жакындары бизнес менен алектенген эмес. Бирок, алардын менчиктериндеги топтогон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү алар акыркы жылдарда тапкан расмий кирешелерден бир нече миң эсе ашып түшөт. Р.Жээнбековдун аялы С.Алимбаевага Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл-Таш” пансионаты 19 гектар жери менен таандык. Анын жеринин бир бөлүгүн башкалар талашып жатат, анда укуктук маселелер бар деп угабыз, бирок анын “маселеси” жок бөлүгүн Р.Жээнбеков 2016-жылы 6 миллион долларга сатууга аракеттенген менен бирок алигече эч ким ала элек. Мындан сырткары С.Алимбаевага Бишкектин Эркиндик көчөсүндөгү № 9 үйдөгү базардык баасы 9 миллион сомдук №14- батир, И.Ахунбаев көчөсүндөгү №83 баасы 7 миллион сомдук үй, “Тойота Венза” маркасындагы 2009-жылы чыгарылган В9696АЕ автоунаасы, өзүнө “Шевроле Субурбан” маркасындагы 2008-жылы чыгарылган В1365А намериндеги автоунаа, кызы Равшан кызы Айсулууга Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү №80 үйдөгү баасы 8 миллион 300 миң сомдук №14 батир, аялынын эжеси М.Алимбаевага Бишкектин Рыскулов көчөсүндөгү №34-үйдөгү баасы 9 миллион сомдон ашыкты түзгөн №1 батир, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №192 үйдөгү баасы 8 миллион сомдук №31 батир, анын сиңдиси А.Алимбаевага Бишкектин Ашхабад көчөсүндөгү баасы 14 миллион сомдон ашкан №11 үй, кайын энеси Рахима Алимбаевага Аламүдүн районундагы “Сейил” эс алуу зонасындагы 0,8 гектар жер катталган.

К.Б.Оморов деген адамдын Р.Жээнбековдун эң жакын досу экендигин, ага жана анын жакындарына да Р. Жээнбековдун көп байлыктары катталгандыгын ага аралашып жүргөндөр жакшы билишет. Бишкектин Пушкин көчөсүндөгү № 75 үйдөгү баасы 14 миллион сомдук кафе К.Оморовдун наамында. Аны күрөөгө коюп, Р.Жээнбеков “Айыл Банктан” 12 пайыздык үстөгү менен 2016-жылы 10 миллион сом кредит алган. Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектарлык эс алуу зонасын ээликтеген “Эдельвейс –Тур” ЖЧКсы да К.Оморовго катталган. Ал эми анын эжеси Г.Оморовага Жээнбековдун “Тунгуч” кичи районунун баасы 7 миллион сомдук № 81 үйүндөгү кафеси, Бишкектин Түштүк-Батыш аймагындагы 1 гектар жер, Асанбай кичи районундагы №28 үйдөгү баасы 7 миллион сомдук №1 батир, Бишкектин Пожарский көчөсүндөгү № 57 үйдөгү жалпы баасы 9 миллион сомдук №2, №3,№ 5 батирлер жазылган. Ал эми Р.Жээнбековдун бизнестеги өнөктөшү Дост Нур Мухаммедге анын Байтик баатыр көчөсүндөгү №3/2 үйдөгү баасы 11 миллион сомдук №28 батири катталган. Жалпысынан Р.Жээнбековго жана анын жакындарына,подставаларына 523 миллион сомдук мүлк, элиталык аймактардагы 5,8 гектар жер аянты, кымбат баалуу эки машина таандык. Анын бул тизмеге кирбей калгандары болушу да толук мүмкүн. Бир эле фактыны айтсак, ыраматылык атасы Токтогул – Манас көчөлөрү кесилишкен жердеги 2 кабат үйдөгү 8 батирдин алтоосуна, анын короосундагы 3 кабат имаратка ээлик кылчу. Кийин алар бузулуп, ордуна 12 кабат көп батирлүү үй салынды. Жээнбековдор имараттарды жер участкасы менен кошо үй салуучуларга бекерге беришпесе, ордуна ондогон миллион сомдорду алышпаса да көп кабаттуу үйдүн көп эле соода кылчу аянттарын же батирлерин ээлешсе керек. Аларга буга чейинки шайлоолорго жумшаган чыгымдарын кошсо, миллиардга барып калат. Булардан сырткары Равшан мырза “Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү эмес” деген маанидеги билдирүүлөрдү жасап, Евразиялык экономикалык шериктештикке ачык каршы чыгып, проамерикалык багытты жактап келет. Орусия бизге өткөн жылы 6 миллиард, Кытай 7 миллиард доллар инвестиция жумшоого убада кылышты. Ал АКШдан эркектерге окшогон аялдар, аялдарга окшогон эркектер келип, НПОлорго гранттарды берип, бийликке кантип каршылык кылууну үйрөтүп, ал максатта тренингдерди өткөрүп, анан сансаат акыл-накыл үйрөткөндөн башка реалдуу чоңураак пайдасын да көрө элекпиз. Бул жагынан да Равшан мырза Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы иш кылып келди, ал позициясынан азыр да кайта элек. Мына ушуларды дыкат талдап чыгып, Равшан Жээнбеков деген ким экендиги жөнүндө окурмандар өздөрү эле жыйынтык чыгарып алышса болот.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости